«Бизди бокочо кылып көрсөтүп жатышат» — Руслан Матраимов

«Super.kg» басылмасынын журналисттери «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов жөнүндө сюжет даярдашты. Бир нече күн мурда Матраимовдун «жакындары» дрон менен тасма тартып жүргөн Кулчумановго кол салышкан. «Азаттыктын» кызматкеринен документтерин жана жабдыктарды тартып алышып, «жеке менчикке уруксатсыз кирүүгө» айыпташкан.

«Бул Райымбектики эле эмес, баарыбыздын үйүбүз»

«Исмаил ата» кайрымдуулук фондун башкарган Руслан Матраимов журналисттерге Кулчумановго кол салуу болгон күнү үйүндө жок болгонун билдирди.

«Мен жокто үйдү карап турган Нургазы аттуу инимден эртең менен 9-10до мага телефон чалуу келди. “Байке, үйгө дрон түшүп калды, биз кармап алдык. Эмне кылалы?” деди. Баарын иликтеп, мыйзам чегинде карап койгула деп айткам», — деп түшүндүрдү Матраимов.

Ошондой эле ал Кулчумановго кол салуу болгон жерден алыс эмес жайгашкан үй «Азаттыктын» журналисттик иликтөөлөрүндө айтылгандай Райымбек Матраимовго эле эмес, алардын бүт үй-бүлөсүнө таандык экенин айтты.

«[...] Үйдү ырааматылык апамдын атына 2005-жылы сатып алганбыз. Өз күчүбүз менен 4-5 жылда бүтүрдүк [...] Ушул үйдө чоңоюп өскөнбүз. Ушул үйдүн эң кенжесимин», — деп билдирген Матраимов.

«Матраимовдордун үйү Оштогу эле эмес Кыргызстандагы эң катуу коргоого алынган объект»

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков билдиргендей, анын кесиптеши Айбек Кулчуманов видеону Али Токтакунов даярдап жаткан журналисттик иликтөөнүн алкагында тарткан.

«Ал объектилердин катарында Райымбек Матраимовго жана анын туугандары Искендер, Тилек жана башка жеңеси, эжеси, таежеси, балдызы жана башкаларга тиешелүү катталган мүлктөр. Мына ошолорду тартыш керек болгон. [...] Алар биздин жеке [менчигибизге] кирип кетиптир, дубалдан ашып түшүптүр дегенге окшогон нерселерди айтып жатышат, бирок, дубалдан Матраимовдордун үйүнө адам эмес чычкан кире албайт», — деди Исаков.

Анын айтымында, турак жай үч метрлик дубал менен тосулган, ал эми айланасына видео байкоо камералары орнотулган. Мындан тышкары, үйдү төрт-беш күзөтчү кайтарат. «Райымбек Матраимовдордун үйү Оштогу эле эмес Кыргызстандагы эң катуу коргоо алынган объект», — деп кошумчалаган журналист.

Исаков ошондой эле Матраимовдор «Келечек» окутуу борборуна барчу жолду уруксатсыз тосуп алышканын айткан. Анда Ош шаары боюнча бардык балдар билим алышат. Анын айтымында, тасма тосулган жолду биринчи көрсөтүп, андан кийин аны далилдеп берүү үчүн тартылган.

Бирок Руслан Матраимов жол жергиликтүү бийликтин уруксаты менен тосулганын билдирген. Ал жолго «унаалары менен наркомандар келип, притонго айланып кеткендиктен» дарбаза гана тургузушканын кошумчалаган.

«Дайыма эле Матраимовдор дешет, Матраимовдор жөнүндө көп сөздөр болуп кетип жатат. Бизди эл журтка ушунчалык бокочо кылып көрсөтүп жатышат. Биз андай үй-бүлөдөн эмеспиз. Биз таза, адал тапкан акчаларыбызга үй салып, жакшы үй-бүлөдөн чыккан инсандардын балдары болуп эсептелебиз», — деген ал.

«Азаттыктын» операторуна кол салуу

Айбек Кулчумановго 28-сентябрь күнү Ошто кол салышкан. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ишмердиги тууралуу келерки иликтөө үчүн видео тартып, дронду башкарып турган. Белгисиз адамдар андан дронду башкаруучу пультту, 1,5 млн сомдук видео жабдыктарды жана документтерди тартып алган.

Алар техниканы кийинчерээк кайтарып берүүнү убадалашып, ошол эле күнү кечинде баарын милициянын жергиликтүү бөлүмүнө алып келип, Кулчумановду «жеке менчикке уруксатсыз кирүүгө» айыптап ага арыз жазышкан. Ош милициясынан кийинчерээк билдиришкендей, Кулчумановго кол салгандар — Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «жакындары».

«Азаттыктын» редакциясы окуяны сөз эркиндигине чабуул деп атады. Үналгыда мурда иштеген парламенттин депутаттары Жанар Акаев жана Аида Касымалиева «окуяны тыкыр иликтөөгө» чакырышты. Парламенттин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев өкмөт операторго кол салуу боюнча «кабатырланып» жатканын, бирок окуянын чоо-жайын тергөө аныктаарын билдирген.

Авторлоштору: Элвира Султанмурат кызы, Кайрат Замирбеков