Спикердин тууганы УКМКнын Антикоррупциялык кызматындагы башкармалыкты жетектеди — ЖМК

Дастан Жумабеков. Сүрөт: Жогорку Кеңеш

«24.kg» маалымат агенттиги билдиргендей, парламенттин спикери Дастан Жумабековдун бир тууганы — Салмоорбек Жумабеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Салморбек Жумабеков — профессор жана Бишкек Травматология илимий изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабековдун уулу. Профессор парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдун бир тууган агасы.

Материал жарык көрөөр алдында журналисттер УКМКдан да, Дастан Жумабековдон да комментарий ала алышкан жок.

Kaktus.media басылмасынын маалыматы боюнча, Салморбек буга чейин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын башкармалыктарынын биринде жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.

Депутат Дастан Жумабековдун маморгандарда иштеген мындан башка туугандары да бар. Мисалы, анын бир тууганы Эстебек — Ысык-Ата РИИБнин башчысы, ал эми Алмазбек аттуу дагы башка бир тууганы Талас ОИИБнин башчылык кызматында эмгектенет.

Жумабековдун туугандары бизнестерге да ээ — анын карындашы менен дагы эки бир тууганына дары-дармектердин дүң соодасы боюнча фирмалар катталган.