Балдарды реабилитациялоо борборунун экс-башчысы Петрушевский Франциянын адам укуктары боюнча сыйлыгына татыды

Алексей Петрушевский сыйлыгы менен. Анын сол жагында — Франциянын юстиция министри Николь Беллубэ. Сүрөт: Франция элчилиги

Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевский Франциянын адам укуктары боюнча улуттук консультативдик комиссиясынын (CNCDH) сыйлыгына ээ болду.

Петрушевскийге сыйлыкты 10-декабрда Франциянын юстиция министри Николь Беллубэ тапшырды. Франциянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, Петрушевский бул сыйлыкты «балдарды коргоону жактагандыгы» үчүн алган. Ал 58 өлкөдөн берилген 164 өтүнмөнүн арасындагы беш жеңүүчүнүн бирөөсү болгон.

Петрушевский үй камагында болчу, бирок сыйлыкты алуу үчүн ага Францияга барып келүүгө уруксат беришкен.

«Жакшы. Сыймык. Биз Кыргызстандан биринчилерденбиз. Мен биринчи кезекте Кыргызстанды көрсөттүм. Мага барып келүүгө уруксат беришти. Кайра кайтып келем деп убада бергем, муну чоң кубаныч менен аткарам», — деди ал.

Алексей Петрушевский учурда Балдарды реабилитациялоо борборунун башчылык кызматына кайра коюлушу үчүн соттошууда.

«Жумушка калыбына келтирүү боюнча райондук сот уткан. Мэрия шаардык [сотко] берди. Кылмыш иши боюнча дагы деле соттошуп жатабыз», — деп кошумчалады ал.

Петрушевскийди куугунтуктоо

Петрушевский узак убакыт бою Бишкектеги кароосуз балдар борборунун алмашкыс жетекчиси болуп келген. Ал кол алдындагы адамдарды коргоп жатып кээде бийлик жана социалдык тармактын кызматкерлери менен талашка түшкөн.

Бишкек шаардык кеңешинен Петрушевскийди шаардык бюджетти сарамжалдуу эмес сарптаганы үчүн сындашкан — ал өлкөнүн башка региондорунда катталган балдарга борбордо жашоого уруксат берген.

Март айында анын кесиптештери менен тарбиялануучуларынын каршы чыкканына карабастан, Бишкек мэриясы аны борбордун директорлугунан ишенимди кетиргени үчүн кызмтанынан бошоткон. Ал бийликтин чечимине макул болбой, профсоюзга кайрылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети июнь айынын башында Алексей Петрушевский Балдарды реабилитациялоо борборун жетектеп турганда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен кармаган. Ал үй камагына алынган, бирок бир нече апта өткөндөн кийин бул чечимдин үстүнөн даттанышып, Петрушевский тергөө абагына киргизилген.

Акыйкатчы Токон Мамытов оор операциядан кийин Петрушевскийдин ден соолугунун абалына байланыштуу аны үй камагына чыгарууну сунуштаган. Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун башчысы Нурдин Сулайманов Петрушевский тез медициналык жардамга муктаж экенин ырастагандан кийин аны үй камагына коё беришкен.