«Кыргызстанда ММКнын ишине чектөө салынбайт» — ТИМ

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Матраимовдордун кыргыз ЖМКларын сотко бергени боюнча АКШнын Өкүлдөр Палатасынын комитетинин комментарийине жооп берди. Комитет Кыргызстандын бийлиги «Клооп» менен «Азаттыктын» «коррупция боюнча шексиз айыптоолорун жоюунун» ордуна журналистиканы басмырлап жатат деп билдирген. Кыргызстандын ТИМи бул билдирүүнү «таң калуу менен» кабыл алган.

Ведомство эскертүүнү чындыкка коошпойт деп эсептеп, муну өлкөнүн сот бийлигине басым кылуу жана ички ишине кийлигишүү аракети катары кабыл алып, АКШнын Өкүлдөр Палатасынын комитетине маалымат булагын «дыкатыраак» текшерүүнү жана тандоону «көптөн-көп» өтүнүп сунуштады.

«Кыргызстанда ЖМКлардын ишмердигине кандайдыр бир чектөө жок экенин өзгөчө белгилейбиз. Өлкө кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык сөз эркиндигин, укуктун үстөмдүүлүгүн жана демократиянын принциптеринин жолун туруктуу жактоону ырааты менен көрсөтүп келе жатат», — деп ишендиришти тышкы саясий ведомстводон.

Матраимовдордун доо арызы, өз кезегинде, 21-ноябрда жана 3-декабрда бир нече бөлүк менен жарык көргөн «Азаттык», «Клооп» жана эл аралык OCCRP иликтөө борборунун биргелешкен иликтөөсүнө жооп кылып берилген.

Ар-намыс жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арызына ылайык, Матраимовдор «Азаттыктан» 22,5 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом компенсация өндүрүүнү каалашат.

Мындан тышкары, алар иликтөөнүн үстүнөн иштебеген, болгону аны өз сайтына басып чыгарган 24.kg басылмасынан 15 млн сом компенсация өндүрүү аракетин көрүшүүдө.