Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн юристтери 11-декабрда Свердлов райондук сотуна кайрылып «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин биргелешкен иликтөөсүндөгү бир катар цитаталарга тыюу салууну өтүнүшкөн. Булардын бардыгында Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү же болбосо алар тууралуу факт аталган. Мындан тышкары кайрылуу иликтөөгө катыштыгы жок 24.kg басылмасына да тийиштүү болгон. Арызда сайттагы жаңылыктан Матраимов аталган үзүндүлөр келтирилген.

Көп өтпөй 13-декабрдын таңы Матраимовдор «арызды кайтарып алуу арызын» жазышкан. Буга карабастан «Клооп» Матраимовдор тыюу салгылары келген 15 цитататы келтирет. Алар цитаталар жазылган макаланы жана аларга шилтемени өчүрткүсү келген.

Цитаталар «Азаттыктын» бир материалынан, 24.kgнин бир жаңылыгынан жана «Клооптун» төрт иликтөөсүнөн алынган.


Бул кадимки эле велюр. Ушул бир долларлык кездеме 100 миллиондогон доллардын жүзүн ачат. Ал эми Кыргызстандан чыгарылган ошол жүз миллиондордун изи калган бул документтер кыргыз бйилигинин, Матраимовдордун сырын ачат.

Цитата «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аталыштагы иликтөөдөн алынган. «Азаттык», 29-май, 2019-жыл.


Биз 250 миллион доллардын документтерин көрсөттүк. Документтерге ылайык акча алган компаниялардын бири — AKA PETROLEUM. Ал Чаткалдагы маанилүү кен долбоорлорунун бирин алууну көзөөдө. Каражаттар которулган башка компания — AKA IMMOBILIEN, анын түзүүчүлөрүнүн бири Искендер Матраимовдун жубайы болуп саналат. Эң башкысы миллиондорду чыгарган Айэркен Саймаити жана анын жубай «Исмаил Матраимов» фондуна Түркиядан 2,3 миллион доллар которушкан.

Цитата «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аталыштагы иликтөөдөн алынган. «Азаттык», 29-май, 2019-жыл.


Саймаити берген контракттар жана расмий өкүлдөр, соодагерлер, ишкерлер менен болгон маектер бул үй-бүлөнүн миллиондору декларацияланбаган жана бурмаланып катталган товарларды Кытайдан Кыргызстанга ташып, андан ары Борбор Азия менен Орусиянын базарларына жеткизген жашыруун системадан түшүп турганын ырастады. Колдогу далилдүү маалыматтар ишарат кылгандай, бул иштер өкмөттөгү жогорку деңгээлдеги байланыштар болбосо жүзөгө ашмак эмес. Айрыкча ушунчалык таасирдүү болгондуктан көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы чоңдорунун бири Райымбек Матраимовдун колдоосу маанилүү болгон.

Цитата «Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 22-ноябрь, 2019-жыл.


«Райымдын балдары [бажы терминалдарына] келип, алып кетет», — деген Саймаити дагы бир нече адамдын, анын ичинде азыр Мамлекеттик бажы кызматынын жогорку тепкичтеринде иштеген бир кишинин атын атаган. Саймаитинин айтымында, Матраимов өз кезегинде Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн товарларынын мамлекеттик чек арадан үзгүлтүксүз өтүп турушуна кепилдик берип турган. Саймаити мындай макулдашуудан Матраимовдун өзү да олчойгон пайда көргөнүн айтып берген. Анын айтымында, Матраимов паранын бир үлүшүн колго алгандан тышкары Саймаити ага Абдукадырдын буйругу менен түз акча жөнөтүп турган.

Цитата «Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 22-ноябрь, 2019-жыл.


Саймаити түшүндүрүп бергендей, эсеп дептердеги таблицада Матраимовдун кайрымдуулук фонду Kergizstan RK деп белгиленген. Андан фондго жети жолу жалпысынан 2,4 миллионго жакын доллар жөнөтүлгөнүн көрүүгө болот.

Цитата «Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 22-ноябрь, 2019-жыл.


Матраимовду Абдукадырдын үй-бүлөсү менен жалаң эле акча которуу жана Саймаитинин көрсөтмөлөрү байланыштырып турбайт. Мурдагы бажы жетекчисинин аялы Дубайда жер тилкесин сатып алганын, ал жерде Абдукадырдын бир компаниясы ар кыл максатта колдонула турган беш кабаттуу имаратты куруп жатканын кабарчылар Дубайдын кыймылсыз мүлкү тууралуу ачыкка чыгып кеткен маалымат базасы жана башка коомдук ачык маалыматтар аркылуу таап чыгышты. Матраимовдун мамлекеттик кызматта турган учурда толтурган декларациясы анын үй-бүлөсүнүн мынча көлөмдөгү инвестиция салууга мүмкүнчүлүгү болгонун күбөлөбөйт. Бирок Саймаити Абдукадыр үй-бүлөсүнүн чет өлкөгө жөнөтүлгөн каражаттарынын арасында Дубайга которулган ири суммадагы акча бар экенин баса белгилеген жана бул жагдай Матраимовдун үй-бүлөсү үчүн өнөктөштүктөн пайда көрүүнүн дагы бир жолу болгонбу деп суроо салган.

Цитата «Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 22-ноябрь, 2019-жыл.


Кыргыз бажысынын мурдагы таасирдүү жетекчиси Райымбек Матраимовдун аялы Дубайда борбор азиялык көмүскө үй-бүлө менен чогуу инвестициялык бизнеси бар. Бул үй-бүлө жеринде карго империясын түзүп, ал бажыдагы жемкорлуктун аркасы менен гүлдөгөн.

Цитата «Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 22-ноябрь, 2019-жыл.


«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop порталынын кеңири иликтөөсү бул схема бизнести жана бажыдагы расмий жетекчилерди, анын ичинде Матраимовду паралоо аркылуу ишке ашарын чечмелейт.

Цитата «Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 22-ноябрь, 2019-жыл.


Курулушу быйыл жыл соңунда аяктайт деп пландалган, ар кыл максатта колдонула турган бул имарат тургузулган жер тилкесин Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова сатып алган. Ал дагы бир жер участогунун жана шаардагы батирдин ээси. Колго тийген документтерге ылайык Тургунова бул мүлктү 2015 жана 2017-жылы кеминде 12,5 миллион долларга сатып алган. Тургунова эки жер тилкесин «Жумейра Виллэдж Сөркл» (Jumeirah Village Circle) районунан алган. Эмираттын транспорт толтосунда турган аймакта виллалар менен таунхаустардын көбү курулуп жатат. Батирди болсо «Жумейра Биич Резиденси» (Jumeirah Beach Residence) районундагы курулушу быйыл жыл соңуна чейин аяктоочу үйдөн алган.

Цитата «Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 22-ноябрь, 2019-жыл.


Ал иликтөө Саймаитинин беш жылдай Абдукадыр кланына арам акчаны адалдоо ишин аткарып бергенин жана Матраимовдун колдоосу менен ал клан Борбор Азиядагы карго империясын кура алганын көргөздү.

Цитата «Сайматинин көзүн тазалоо. Аткарылбай калган убада» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 22-ноябрь, 2019-жыл.


Аткезчилик схемалары Райымбек Матраимовдун кланына алып барат.

Цитата «Аткезчилик схемалары Райымбек Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттик иликтөө» материалынан алынды. 24.kg, 22-ноябрь, 2019-жыл.


Абдукадырдын Бишкектеги негизги өнөктөшү Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болгон.

Цитата «Аткезчилик схемалары Райымбек Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттик иликтөө» материалынан алынды. 24.kg, 22-ноябрь, 2019-жыл.


Ишкер журналисттерге каттоо китебин көрсөткөн. Анда Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фонду Бизнесмен предоставил журналистам книгу KERGIZSTAN RK деп белгиленген. Сунуш кылынган документтерге ылайык, ал жакка акча 2016-жылдык августунан 2017-жылдын февралына чейин которулган.

Цитата «Аткезчилик схемалары Райымбек Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттик иликтөө» материалынан алынды. 24.kg, 22-ноябрь, 2019-жыл.


Мындан тышкары, бажы башчысынын мурдагы орун басарынын жубайы Уулкан Тургунова Абдукадыр үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайда (БАЭ) беш кабаттуу көп функционалдуу имарат куруп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу ачыкталган жана коомго жеткиликтүү болгон Дубайдагы мүлктөрдүн маалымат базасында көрсөтүлгөн. Матраимовдун мамлекеттик кызматта турган учурда толтурган декларациясы анын үй-бүлөсүнүн мынча көлөмдөгү инвестиция салууга мүмкүнчүлүгү болгонун күбөлөбөйт. Бирок Саймаити Абдукадыр үй-бүлөсүнүн чет өлкөгө жөнөтүлгөн каражаттарынын арасында Дубайга которулган ири суммадагы акча бар экенин баса белгилеген жана бул жагдай Матраимовдун үй-бүлөсү үчүн өнөктөштүктөн пайда көрүүнүн дагы бир жолу болгонбу деп суроо салган.

Цитата «Аткезчилик схемалары Райымбек Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттик иликтөө» материалынан алынды. 24.kg, 22-ноябрь, 2019-жыл.


Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасынын бир бөлүгү кайра Кыргызстанга которулган. Акча алуучу тараптын бири — Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү. Саймаити бир нече жолу Матраимовду Абдукадырдын шериктеши жана бажыдагы ири коррупциялык схеманын ортомчусу катары мүнөздөгөн.

Цитата «Абдукадырдын кланы миллиондогон долларларды кантип көмүскө кербен аркылуу ташып турган?» аталыштагы иликтөөдөн алынды. «Клооп», 3-декабрь, 2019-жыл.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы


БУЛ ТЕМА БОЮНЧА КОШУМЧА:

Матраимовдор иликтөөдөгү фактыларды жайылтууга тыюу салгылары келген, кийин ойлорунан кайтышкан

Матраимовдор үч басылманын банк эсептерин камакка алуу тууралуу өтүнүчүн чакыртып алды