Матраимовдор үч басылманын банк эсептерин камакка алуу тууралуу өтүнүчүн чакыртып алды

Матраимовдор иликтөөдөгү фактыларды жайылтууга тыюу салгылары келген, кийин ойлорунан кайтышкан.

Матраимовдор үй-бүлөсүнүн юристтери ЖМКлардын банктык эсептерин камакка алуу арызын чакыртып алуу боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна өтүнүч кат жолдошту.

Өтүнүч кат 13-декабрда берилген. Мындан бир күн мурун «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын банктык эсептери камакка алынган.

Юристтер арызын чакыртып алууну банктык эсептер камакка алынгандыктан, ЖМКлар өз кызматкерлерине маяна төлөй албай калышат деп эки беттен турган документинде түшүндүрүшкөн.

Үч басылмадан тышкары «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун банктык эсеби да камакка алынган. Матраимовдордун юристтери муну да чакыртууну өтүнүшкөн.

Матраимовдордун өтүнүчүн сот бүгүн 13-декабрда карайт.

Юристтердин өтүнүч каты:

Матраимовдордун үй-бүлөсү жана алардын фонду ар-намысты жана кадыр баркты коргоо тууралуу доо коюшкандан эки күн өткөндөн кийин 12-декабрь күнү кечинде «Азаттык», «Клооп», 24.kg жана Али Токтакуновдун банк эсептери камакка алынган.

Коюлган доо «Азаттык», «Клооп» жана эл аралык иликтөө борбору OCCRPнин эки бөлүк болуп 21-ноябрда жана 3-декабрда чыккан журналисттик иликтөөлөрүнө жооп болгон.

Журналисттик иликтөөдө бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамкызматта иштеп жатканда бажыдагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар болгон жана Кытайдан алынып келинген товарлардын аткезчилигин башкарган деп айтылган.

Журналисттерге каршы доо койгондордун арасында Райымбек Матраимовдон тышкары парламенттин депутаты жана анын агасы Искендер Матраимов, ошондой эле ага-инилердин жубайлары Уулкан Тургунова менен Минавар Жумаева жана Исмаил Матраимовдун атын алып жүргөн алардын үй-бүлөлүк фонду бар.

Доого ылайык, Матраимовдор «Азаттыктан» 22,5 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана Али Токтакуновдон 10 млн сом компенсация алгылары келишкен.

Мындан тышкары, алар 24.kg басылмасынан 15 млн сом компенсация алууга аракет кылышууда. Бул басылма журналисттик иликтөөнүн үстүндө иштеген эмес, бирок алар аны өз сайтына жарыялашкан.

12-декабрь күнү кечинде «Клооптун» банк эсептеринин биринде баланс минус 173388,36 АКШ долларын түзүп калган — бул болжол менен 12,1 млн сомго барабар. (Камакка алынганга чейин эсепте 400 миң сомго чукул акча бар болгон.)

Бизди сотко берүүгө негиз болгон журналисттик иликтөөлөрдү окуп көрүңүз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар