Матраимовдор иликтөөдөгү фактыларды жайылтууга тыюу салгылары келген, кийин ойлорунан кайтышкан

Мындан тышкары, Матраимовдор «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмасынын банк эсептерин камакка алуу тууралуу арызын чакыртып алышкан.

Матраимовдор үй-бүлөсүнүн юристтери 11-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылышкан. Анда алар «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин биргелешкен журналисттик иликтөөсүндө Матраимовдор тууралуу жарыяланган бир катар маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну өтүнүшкөн.

Көп өтпөй 13-декабрь күнү эртең менен алар арызды кайтарып алуу боюнча сотко өтүнүч беришкен.

Юристтердин алгачкы өтүнүчүндө иликтөөдөгү 15 фактыдан турган тизме бар болгон жана алар соттон тизмедеги фактыларды жайылтууга тыюу салууну өтүнүшкөн.

Биринчи берилген өтүнүч кат:

Арызды чакыртып алуу тууралуу арыз:

Мындан тышкары, Матраимовдор «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын банк эсептерин камакка алуу тууралуу өтүнүчүн чакыртып алышкан. Бул үч басылма менен журналист Али Токтакуновдун банк эсептери 12-декабрь күнү кечинде камакка алынган. Мындан эки күн мурда Матраимовдор үй-бүлөсү жана алардын фонду ар-намысты жана кадыр баркты коргоо тууралуу доо коюшкан.

Коюлган доо «Азаттык», «Клооп» жана эл аралык иликтөө борбору OCCRPнин эки бөлүк болуп 21-ноябрда жана 3-декабрда чыккан журналисттик иликтөөлөрүнө жооп болгон.

Доого ылайык, Матраимовдор «Азаттыктан» 22,5 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана Али Токтакуновдон 10 млн сом компенсация алгылары келишкен.

Мындан тышкары, алар 24.kg басылмасынан 15 млн сом компенсация алууга аракет кылышууда. Бул басылма журналисттик иликтөөнүн үстүндө иштеген эмес, бирок алар аны өз сайтына жарыялашкан.

Бизди сотко берүүгө негиз болгон журналисттик иликтөөлөрдү окуп көрүңүз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар