«Ата кел, апам уруп жатат». ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү балдарын сабаган эненин окуясын териштирүүдө

Социалдык тармактарда 12-декабрда аял 5-6 жаштагы уул-кызга кол көтөргөнү тартылган тасма тараган. Видеодо ал балдардын баштарына чапкылап, түртүп, беттеринен чымчыганын көрүүгө болот.

Ур-токмокко алынган балдар ага «апа» деп кайрылышат. Ал болсо балдарды мындай деп коркутат: «Ыйлаба, чакыр атаңды. Кел дегин. Апам уруп жатат дегин […] Союп жейм буларды. Жүрөктөрүн түшүрөм». Анда көзүнө жаш алган бала «ата кел, апам уруп жатат» деп жооп берүүгө аргасыз болот.

Көп өтпөй Ош ОИИБинин басма сөз кызматы тасма боюнча билдирүү тараткан. Милиционерлер видеодо үн коштоп, камерага тартып жаткан аял Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын тургуну экенин аныкташат. Укук коргоо органдарынан ишендиришкендей, апасы жаш балдарды сабаган эмес, алар атасын сагынганынан ыйлашкан.

«Балдардын атасы бир топ жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Балдары атасын сагынып ызаа болушчу экен. Андан сырткары ар кандай ушак айыңдар айтыла бергендиктен, балдары ошол ушакка ызаланып ыйлаган учурун тартып, атасына жөнөткөн. Атасы ошол замат балдарын Москвага чакыртып алган. Үй-бүлө 8-ноябрдан бери чогуу жашашууда», — деп жазылган облустук милициянын пресс-релизинде.

«Клооптун» журналисти Ош ОИИБинин басма сөз катычысы Жеңиш Аширбаевге кайрадан байланышып, тасмадан балдарга карата зомбулук болгонбу деген суроо узаттык. Анда Аширбаев аялдын гана көрсөтмөсүн айтып берүү менен чектелди.

«Келиндин айтымында анын күйөөсү башка аял алып алганын угуп алып Москва шаарына барган. Бирок алар барганда күйөөсү үйүндө жок болуп, алар туугандарынын үйүндө калышкан. Ошондо балдар атасы кетип калганынан улам ыйлаган. Бул аял аны тасмага тартып алган», — деп түшүндүрдү Аширбаев.

Милициядан Москва шаарындагы ИИМдин өкүлчүлүгү бул окуяны териштирип жатканын кошумчалашты.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева тасмадагы жаш балдар атасын сагынып ыйлашканын төгүндөдү.

«Тасмада көрүнүп тургандай жаш балдарды энеси сабагандан улам ыйлап жатышат. Бул тасма боюнча биздин кызматкерлер ИИМ жана Төрт-Көл айыл өкмөтү менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн. Азырынча ал аял Москва шаарында болгондуктан анын туугандары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал аял өзү менен да байланышып, түшүндүрмө иштерин жүргүзгөнү аракет кылып жатабыз», — деди Кадыралиева.

Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы тасмадагы аял Москвада болгондуктан ага чара көрө албашын, бир гана окуяны мониторинг кылаарын билдиришти.

Ал эми «Лига защитников прав ребёнка» коомдук бирикмесинин директору Назгүл Турдубекова бул тасма боюнча ИИМге арыз менен кайрылганын «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, тасмадагы аялды жоопкерчиликке тартып, балдарынын коопсуздугун камсыздаш керек.