Базар-Коргондо 100 миң сомдой акчага орнотулган балаты боюнча текшерүү жүргүзүлөт

Материал саат 17:35те жаңыртылды.

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Жаңы жылга арналып орнотулган балатынын сүрөтү таратылууда. Автор сүрөттүн баяндамасында, бул балатыга жергиликтүү бюджеттен 112 миң сом бөлүнгөнүн жазып, «аким менен айыл өкмөт калганын жеп койгонбу?» деп суроо салган.

Сүрөттө көрүнүп тургандай балатыга эски жасалгалалар илинген. Темир тосмолору да эски, кооздолгон эмес. Анан да жасалма балаты эмес, чыныгы балаты орнотулгандай.

Бул балатынын сүрөтү соцтармактардын колдонуучуларынын талкуусуна түштү. Кээ бирлери балаты 112 миң сом сарпталышы мүмкүн эмес дешсе, башкалары Базар-Коргондун акимин жумушунан бошотулушу керегин жазышкан.

Ал эми Базар-Коргондун акими Айбек Бегимкуловдон комментарий алууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок. Бирок Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Икрам Чолпонов балатыны орнотууга 88 миң 400 сом коротулганын super.kg басылмасына билдирген. Анын айтымында балаты толук жасалып бүтө элек.

«Быйыл райондун борборуна балаты орноттук […] Мен балатыга 200 миң бөлүүнү айткам. Бирок бул акчага мен балаты орнотууга мүмкүн эместигин билдиргем» — деп түшүндүргөн ал.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Клоопко» Базар-Коргондогу балатынын абалы боюнча маалыматтары болгондугун жана жаңы жылдан кийин акимдин аракеттери боюнча текшерүү жүргүзүлөөрүн айтышты.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында бул балатыга 100 миң сомго тендер жарыялап, аны Толомбай Шаимкул аттуу ишкер утуп, 88 миң 340 сомго балатыны орнотконун көрүүгө болот.