Нарын: Контейнер мектептин окуучулары жергиликтүү клубдун имаратына көчүрүлдү

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте билим алып жаткан окуучулар 2-октябрда жергиликтүү клубдун имаратына көчүрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын сентябрынан тарта окуучулар ӨКМдин контейнер түрүндөгү мобилдүү үйлөрүндө окуп жатышкан, себеп дегенде алардын мектеби авариялык абалда деп табылган.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева учурда балдар окуп жаткан клуб оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жылуулук берилгенин кабарлады «Клоопко» курган маегинде.

«Айылда клуб бар, балдар ошол жакка көчүрүлүп окуп жатышат. Бюджеттен оңдоо иштерине 900 миң сом бөлүнгөн», — деп кабарлады Ибраева.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрынын башында интернетте Кеңеш айылынын жергиликтүү аткаминерлери контейнерден куралган мектептин ачып жатышканы тартылган сүрөт таркап кеткен.

Ошол учурда жергиликтүү бийлик мектепке деп жалпысынан алты контейнер бөлүнүп берилгенин, анда эки нөөмөт менен 160 окуучу билим алып жатканын билдиришкен. Окуучулар жарактуу имараттардын бардыгы бош эмес болгондуктан контейнерде билим алууга аргасыз болушкан.

Сүрөттөр жарыялангандан кийин кыргызстандыктар жаңы мектеп курууга каражат топтоону демилгелешкен. Бирок бийлик жардамдан баш тартып, жаңы мектептин курулушуна бюджеттен акча бөлүнө турганын билдирген.

Бул резонанстын шартында билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым өкүлү Аманбай Кайыпов өз ыктыярлары менен кызматтан кетүү арыздарын жазышкан.

Учурда Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектептин ичинен 190 мектеп авариялык абалда. Архитектура жана курулуш мамагенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев жаңы мектептердин курулушу жана ремонту үчүн 13 млрд сомдон ашуун каражат талап кылынаарын билдирген.