Кыргыз-өзбек чек арасында абал «туруктуу» — Мамлекеттик чек ара кызматы

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында абал «туруктуу» болгонун билдирет.

Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынын тургундары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда 6-январда чыр чыккан. Мекеменин маалыматы боюнча жаңжалга такталбаган аймакта отоп жүргөн 500дөн ашуун малды өзбек аскерлери айдап кетишкени себеп болгон.

Бүгүнкү абал.. Ала-Бука району Көк-Таш айылы.

Posted by Эрнист Атабеков on Monday, January 6, 2020
Эрнист Атабековдун баракчасынан алынган тасма

Көк-Таш айылынын тургундары такталбаган аймакка малын издеп киргенде, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен кайым айтышуу орун алып, өзбек аскерлери эскертүү иретинде ок чыгарышкан. Расмий маалыматка ылайык чырдан эч ким жабыркаган эмес, бирок Сабыр Сейдакмат уулу аттуу тургун «Азаттык» үналгысына ок атуудан колуна жаракат алганын билдирген.

«8 өзбек чек арачысы Ак-Курча участкасында жүргөн 500дөн ашуун үч короо койду айдап баратканда айылдыктар чогулуп барганбыз. Ал учурда ортодо пикир келишпестик чыгып, өзбек чек арачылары тарабынан ок атылганда колума тийип, жеңил жарат алдым», — деген Сейдакмат уулу.

Чек ара кызматынан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин мал ээлерине кайтарылганын жана тургундар өзбек аскерлерине дооматтары жок экенин билдиришкенин маалымдайт.

Материал жарык көрөөр алдында Өзбекстан тараптын жаңжал боюнча версиясын билүүгө мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» маалымдагандай, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп саналат. Ал эми эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85% такталганы расмий айтылган.