«Фактчектин» башкы редакторуна кол салуу. Милиция «Тоноо» беренеси боюнча иш козгоду

Бишкек ШИИБи «Фактчектин» башкы редактору Болот Темировго кол салууга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Кылмыш «Тоноо» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталды.

Бирок Темиров карактоо болгон эмес деп билдирген. Анын айтымында, аны сабап жатышканда телефон колунан түшүп калган. Белгисиз адамдар качып кеткенден кийин ал телефонун таппай калган.

«Адамдар уурдаш үчүн эртең мененки 9дан түшкү 12:30га чейин күтүп отурушпайт. Ур-токмоктоо үнсүз өткөн. “Чөнтөктөрүн кара” же “телефонду алдым, качтык” деген сыяктуу буйруктар болгон эмес. Жанымда ноутбук бар болчу, бирок кол салгандар аны алышкан жок, демек, аларды баалуу нерселер кызыктырган эмес», — деп билдирген Темиров.

ШИИБдин басма сөз катчысы улан Жумаков «Азаттыкка» курган маегинде коюлган берене Темировдун ден соолугуна келтирилген залалдын оордугун аныктай турчу экспертизанын жыйынтыгы менен гана өзгөртүлүшү мүмкүндүгүн кабарлаган.

«Учурда сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат. Анын алкагында шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары өтүп жатат», — деп билдиришкен басма сөз кызматтан.

Ишти Биринчи май РИИБи жүргүзүп жатат

9-январда белгисиз үч адам «Фактчек» басылмасынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен. Кол салуу чак түштө, болжолдуу саат 13:30да редакциянын кеңсесинин жанында орун алган. Кол салгандар Темировдун чөнтөк телефонун тартып алышкан.

Factchek.kg — факттарды текшерүүнүн үстүндө иш алып барган сайт. Factchek.kgнин журналисттери фейк аккаунттардын жүзүн ачып, саясатчылар менен ишмерлердин сүрөттөрүнүн чын-төгүнүн (мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «Азаттык» жана «Клооптун» коррупцияга каршы иликтөөсүндө фигурант болгон Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн болушу ыктымал сүрөтүн) текшерип, мурдараак «Клооптун» материалында аты аталган башка фигурант Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу аксессуарлары тууралуу жеке иликтөөсүн чыгарышкан.

Автору: «Клооптун» мектебинин студенти Адеим Убакеева