Ала-Букада эки милиционер 35 миң сом пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерин пара алып жаткан маалында кармады.

УКМКдан билдиришкендей, Ала-Бука РИИБинин тергөөчүсү жана инспектору кылмышка шектүү болгон аялдан сотко чейинки өндүрүштү кыскартыш үчүн акча талап кылышкан. Ал аял кошунасы менен уруша кетип, денеге зыян келтирүүгө шектүү болгон.

Аталган милиция кызматкерлери 18-январь күнү 35 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аларга карата «опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.