Баткендеги социалдык шаарчанын тургундары таза суу чыгарып берүүнү өтүнүшүүдө

Баткендеги социалдык шаарча. Сүрөт: Медербек Ниязалиев / "Азаттык"

Баткендеги «Али Аль-Ганим» жана «Фаиза Аль-Харафи» атындагы социалдык шаарчанын тургундары «Азаттык» басылмасына үйлөрү сапатсыз курулганын билдирип, таза суу чыгарып берүүнү суранышкан.

Мындан тышкары алар түтүктөр тартылганына карабастан суунун жоктугунан канализация иштебей турганына, ФАП жана бала бакча пайдаланууга бере электигине даттанышкан.

«Балам экөөбүздүн көзүбүз майыптыгынан ушул жерден үй берген. Анан суу жок болсо да эл үйдүн ичинде ажаткананы иштетет экен. Канализация иштебегендиктен анын баары менин үйүмдөн чыгып жатат. Менин үйүм эң төмөндө жайгашкан. Мэрияга барып айтсам “ким салып берген болсо ошого барып айт” деди. Бизге үйдү арабдар куруп берген. Мен эми ал арабды кайдан табам?» — деп суроо салган тургундардын бири Райхан Юлдашева.

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Акрамали Акматов таза суу маселесин чечүү үчүн суу резервуары курулуп жатканын айтты.

«Мындай турак жайга жетпей жүргөн адамдар канча. Биз аларды тизмеге алыш үчүн үч ай жүрдүк. Шарттарды түзүп бердик. [...] Болгону кээ бир учурда таза суу жогорудан үзүлүп калат же дагы башка нерсе болот. Азыркы учурда биз бул жерге миң кубдук [суу] резервуарын куруп жатабыз. Буйруса жаздын алдында бүтүп калат. Ошондо жашоочулар үчүн 24 саат суу болот. Ошол жерге келип азыр карап жатабыз. Эч кандай нааразычылыктар жок. Үйлөрү жылуу жакшынакай жашап жатышат», — деп ишендирди Акматов.

Социалдык шаарчаны куруу үчүн Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан 103 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми Баткен мэриясы үй курууга 3,5 гектар жер бөлүп берген. Турак үйлөр 2019-жылдын 5-октябрында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген.