Ош мэриясынын стела куруу демилгеси соцтармактарда сынга кабылды

Ош шаарынын дарбазаларына курулуучу стеланын көрүнүшү. Сүрөт: Азамат Абсаттаровдун фейсбук баракчасынан алынды 

Ош мэриясы калаанын кире беришине «Ош шаары» деген жазуусу бар беш стела орнотуулаарын билдирди. Бул демилгени ишке ашырууга бюджеттен 400 миң сомдой бөлүнөт.

Мэриянын стела орнотуу идеясы социалдык тармакта кайчы пикирлерди жаратты. «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков фейсбук баракчасында шаар бийлигинин аракетин «популисттик» деп атады. Ал жазган постунда Оштогу бир катар көйгөлөрдү тизмектеди. Анын ичинде бала бакча, таза суу, коопсуздук маселелери бар.

«Оштун бөйрөгүндө турган Учарга, Жапалакка, Озгурга, Он-Адырга, Учар дачасына таза суу али жете элек [...] Президент үч жылдан бери аймактарды өнүктүрүү жылы дейт. Стела курса эле аймактар өнүгүп кетпейт. Ансыз деле Ош шаарынын үч тарабында үч гилтейген эстелик турат го. Ошол бизге жетпей жатабы?», — деп суроо салган Исаков.

Ал эми фейсбуктун башка бир колдонуучусу Нуржамал Маканбаева «ордолуу Ош шаарым өнүгүү жолунда» деген пикир калтырып, мэриянын долбоорун колдогон.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» соцтармактарда айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн миллиондогон каражаттар керектигин жана келечекте эске алынаарын кошумчалады.

27-январь күнү Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаанын бюджетин бекитишти. Маалыматка ылайык, 2020-жылга жергиликтүү бюджет 1 млрд 325 млндон ашуун сом каражатты түздү. Бул сумма былтыркы жылкы бюджетке салыштырмалуу 197 млн сомго же 17, 6 пайызга көп.