Сузак районунда араб демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кыздар медресеси курулат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таштак айылында 80 орундуу кыздар медресесинин курулушу башталды. Диний окуу жайды курууга араб демөөрчүлөрү 23 млн сомдой каражат бөлүшөт.

Облустук мусулмандар казыятынын кыз-келиндер менен иш алып баруучу адиси Гүлсара Каримова «Клоопко» медресе куруу үчүн алты сотых жер тилкесин бергенин айтты.

«Бул медресе Жалал-Абад облусундагы эң чоң медреселердин бири болот. Анда түштүк Кыргызстанда жашаган кыздар билим ала алышат», — деди Каримова.

2018-жылдын башында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Сузак районундагы «Сузак» жана «Алтын урпак» диний окуу жайлары жабылганын билдирген. Медреселердин ишмердүүлүгү балдарга сапаттуу билим бере албаганы жана шарттары начар болгондугу үчүн токтотулган.

Кыргызстанда жалпы 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Жалал-Абад облусунда болсо 10дой медресе жана бир институт орун алган.