Белгисиз адамдар коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды

Тегерек столдо уруш уюштурган киши. Сүрөт: Kaktus.media

29-январь күнү Бишкекте тегерек стол өтүп, анда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү ишмердигине түздөн-түз тиешелүү болгон мыйзам долбоорун талкуулашты.

«Адилет» укуктук клиникасы тарабынан уюштурулган иш-чараны эки жолу үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты.

Башында белгисиз адамдар тегерек столго кирүүгө аракет кылып, бирок аларды кийирбей коюшкан, себеп дегенде алар каттоодон өтүшкөн эмес жана кайсыл коммерциялык эмес уюмдун атынан келишкенин айта албай коюшкан.

«Такыр эч кимге белгисиз болгон адамдар өтүп кетүүгө аракет кылышкан. Биз бардык активдүү жана белгилүү укук коргоочуларды чогултканбыз. Ал эми бул адамдарды жана бирикмени биз билбейбиз. Бул анык эле иш-чараны үзгүлтүккө учуратуу аракети болгон», — деп билдирди укук коргоочу Чолпон Жакупова.

Белгисиз адамдар иш-чарага кирбей калган соң милиция чакырышып, андан соң тегерек стол өтүп аткан «Европа» отелинин фойесинде чыр чыгып кеткен.

«Кактус» басылмасы кабарлагандай, спорт кийимчен киши уюштуруучулардын өкүлүн түртүп, бир нече аял ичине кире албай калган. Алар Чолпон Жакупованын жыйынтыктоочу сөзүн үзгүлтүккө учуратууга жетишишкен.

Кирип келген аялдардын айтымында, алар «коммерциялык эмес уюмдардын ушундай эле өкүлдөрү», бирок талкууга катышууга мүмкүнчүлүк бербөө менен алардын укуктарын «чектеп» жатышат. Бирок алар кайсы уюмдун өкүлү экенин айта алышкан жок жана коммерциялык эмес уюм тууралуу мыйзам долбоорун колдошконун айтышты.

Декабрдын аягында парламенттин депутаттык тобу тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдарды өз каржылоо булактары тууралуу дагы да деталдуу отчёттуу болууга милдеттендирүүнү шарттайт.

Жарандык коом бул мыйзам долбоорун сынга алып, укук коргоочулар мыйзам долбоорун кабыл алуу коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле бийликтин ишине көз салып турган уюмдардын да ишмердигин чектейт деп эсептейт.

13-январда коммерциялык эмес уюмдардын тобу мыйзам долбооруна каршы кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарына ылайык, уюмдар салык кызматына жана социалдык фондго отчётторду тапшыруу менен мамлекеттик органдарга жетишээрлик маалымат берип жатат.