Сот арачылары Москвада полицияны өлтүрүүгө шектүү теги кыргызстандыкты күнөөлүү деп тапты

Москва шаардык сотунда 4-февралда сот арачылары теги кыргызстандык Нурлан Муратовду күнөөлүү деп табышты. Ал Москванын «Курская» метро бекетинде полиция кызматкерин өлтүрүүгө айыпталып жаткан.

Муратовдун жактоочусу Алексей Толстых билдиргендей, сегиз сот арачысынын ичинен жетөөсү Муратовду күнөөлүү деп табуу үчүн добуш беришкен, бирөөсү — каршы добуш берип, айыпталуучу «кечирилүүгө татыктуу» деп билдирди.

Бирок Муратов өзү соттун мурдагы отурумдарында ТИЗОдо кысым алдында адам өлтүрүү боюнча күнөөнү моюнга алууга мажбур кылышканын айткан. Муратовдун адвокаты коргоп аткан адамын туугандарын камакка алуу менен коркутушканын кабарлады.

«Медиазонанын» маалыматына ылайык, Муратовго карата кысым сотто талкууланган, бирок бул сот арачылары келгенге чейин болгон. Судья сот арачыларынын көзүнчө айыпталуучуга болгон кысымды талкуулоого тыюу салган.

Полиция кызматкерин өлтүрүү

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2018-жылы 2-сентябрда полиция кызматкери Андрей Райский метродон документтерин текшерүү үчүн Муратовду токтоткон. Андан кийин полиция кызматкери аны ажаатканага алып барып, ал жерден Муратов укук коргоо орган кызматкерин тапанча менен аткан.

Муратовдун айтымында, Райский аны ажаатканага алып барып, эшиктин жанында калууну суранган. Андан соң Райский буручка барып, өзүн атып салган. Айыпталуучу тапанчанын үнүнөн коркуп кетип, бул тууралуу метронун тазалык кызматкерине айтып берип, окуя болгон жерден кетип калганын билдирген.

Эртеси күнү ал «Павелецкий» метро бекетинде кармалып, кийинчерээк полиция кызматкерин өлтүргөнүн мойнуна алган.

Укук коргоо органдарынын маркум кызматкеринин туугандары менен кесиптештери Райский суицидден алыс болгонун жана каза таабар күнүнөн бир күн мурда «кадимкидей» эеле жүргөнүн айтышкан.