Калкы 20 миңден ашуун болгон айылдык кеңештердин төрагаларына айлык төлөнөт

Премьер-министр Мухаммед Абылгазиев айылдык кеңештердин төрагаларына ай сайын бекитилген маяна төлөнө турган токтомго кол койду.

Буга чейин 20 миң адамдан ашуун калкы бар болгон айыл башчылары акы алышчу эмес, бир жолу берилүүчү компенсация гана алышчу. Мындан тышкары, аларга илим жана чыгармачылыктан башка акы төлөнүүчү жумушта иштөөгө болбойт.

Абылгазиев билдиргендей, мындай чечимди аймактарды өнүктүрүү, жарандар «жылыштарды сезиши» үчүн кабыл алышкан.

Эми төрагаларга белгиленген маяна каралганы менен, айыл администрациялардын мамкаржылоосу кыскартылышы мүмкүн. Буга чейин өкмөт «айыл өкмөтүнө берилүүчү дотацияны кыскартууну» пландап жатканын билдирген.