«Маянам 11 890 сом». «Тазалыктын» кызматкери вице-мэрдин айлык жөнүндө билдирүүсүнө жооп берди

Контекст: Вице-мэр Мирлан Амантуров «Тазалыкты» бюджетти административдик башкаруу персоналынынын жогору маяналарына коротуп жатат деп сындаган. Муниципалдык ишкананын жетекчилиги бул билдирүүгө макул болбой, ал эми басма сөз катчысы кайрылуу жолдоду.

«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун муниципалдык ишканадагы «50, 70 жана 100 миң сомго чейин жеткен» жогору маяналар тууралуу билдирүүсүнө жооп узатты.

Ал 5-февралда айлыгы 11 890 сомду түзөөрүн жазып, фейсбукта пост жарыялаган.

«Кээде түшкү тамакка да караманча акча жок болуп калат, мындай учурларга деп иш бөлмөдө акча чогулткуч кармайм, ал жакта 5 жана 10 сомдук тыйындарды чогултам. Атам жандандыруу бөлүмүндө жатканда ага жер-жемиш жана түшкү тамак алып барыш үчүн карызга акча алчумун. Андан кийин кайра төлөп берчүмүн», — деп жазган Жибек Каракеева.

Мындан тышкары, Каракеева көчө шыпырып иштегендер, вице-мэр билдиргендей, 5-10 миң сом алышпайт. Алардын маянасы 8 миңден 25 миңге чейинки акчаны түзөт.

«Мирлан Казылаевич, эч качан, эч бир акчага шаардыктардын сүйүүсүн жана көңүлүн сатып ала албайсыз. Адамдардын сыйы менен сүйүүсү акысыз… ушундай болгон жана дайыма боло берет», — деп кайрылган басма сөз катчы вице-мэрге.

Өз кезегинде вице-мэр 24.kg маалымат агенттигине кайрылууга карата пикирин билдирген. Ал «“Тазалык” жана “Бишкек жашыл чарбасындагыдай” “бардак” эч бир жерде жок экенин» билдирген.

«“Тазалыкка” айлык маянага 400 млн сом бөлөбүз, адамдар колуна 320 млн сомун алышат», — деп ырастайт Мирлан Амантуров.

«Орточо алганда кызматкерлер 22 миң сомдон алышы керек, бирок дээрлик 900 адам бул акчаны албайт. Ал эми 700гө чукул көчө шыпырып иштегендер 5 миңден 12 миң сомго чейин алышат. Эгер ал 20 миң алса, анда ал эки-үч участок үчүн иштейт да. Айрымдарга таптакыр эле 800 саат көрсөтүп коюшкандар бар, бирок бир айда болгону 720 саат. Ал эми көчө шыпыргандардын жетекчиси 75 миң сом алып, жумушчуларына табельге 500гө жакын иш саатын коюп коёт», — деп нааразы болгон ал.

Мындан тышкары, ал Жибек Каракеева жарыялаган ведомостко карата пикирин билдирди. Анын айтымында, административдик башкаруу аппаратындагы 200гө чукул адам чарба эсеби боюнча төлөмдөрдү кандай алышса, бюджет боюнча да ошондой эле алышат, «башкача айтканда, бир жумуш убактысы үчүн эки жолу алышат».

«Тазалыктын» дарегине айтылган сын

«Тазалыктын» башчысы Рыспек Сарпашов 3-февралда Бишкек мэриясынын чогулушунда аткарылган иштер тууралуу отчёт берген.

Турак жай коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымовдун ведомстовнун көрсөткүчтөрү жакшы экендиги тууралуу билдирүүсүнө карабастан, вице-мэр Мирлан Амантуров буга макул болгон эмес.

«Эгер “Тазалыктын” эсеби жакшы болсо, анда эмне үчүн алар силерге дээрлик миллиард карыз? Жакшы эсеп болуп атканын кайдан көрүп атасыз? [...] Административдик башкаруу персоналы 50, 70, 100 миңге чейин алат, ал эми көчөдө жүргөндөрү 5-10 миң сом алат. Бул сизге жакшы эсеппи? Силерде эсеп жок. Бул жерде мактанасыңар анан», — деп кайрылган Амантуров

Турак жай коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчисине.

«Эмне үчүн сиз 75 миң, ал эми көчөдөгүлөр 5-10 миң сом алышат?» — деп сураган Амантуров Тазалыктын башчысынан.

Сарпашев айлыгы 22 миң сомду түзөөрүн жана ага 10 миң кошумча берилет деп жооп узаткан.