Кыргызстандыктын бизнеси forbesтун тизмесиндеги алдыңкы компаниялардын катарына кирди

Кыргызстандык ишкер Эркин Адыловдун Behavox атту компаниясы Forbes журналынын тизмесине кирди — The Future Of Wall Street: Fintech 50 2020. Бул тизмеге Уолл-стриттин финансылык уюмдары үчүн программдык камсыздоо иштеп чыгып берген компаниялар кирген.

Эркин Адылов — дүйнөнүн финансылык шаарлары, Нью-Йорк, Лондон, Монреаль, Сан-Франциско жана Сингапурда өкүлчүлүктөрү бар Behavox компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү.

Behavox финансылык трейдерлердин үстүнөн байкоо салган системаны иштеп чыккан. Программдык камсыздоо телефон чалууларда үн биометриясын, анын ичинде электрондук почта жана чаттардын маалыматтарын кайра иштеп чыгуу үчүн жасалма интеллект технологиясын колдонот.

Мындай ыкма менен бул «жүрүм-турумдук операциялык тутуму» кызматкерлердин жумуштагы жашоосун талдап, алардын аракеттерин каттоого алат. Мунун жардамы менен компаниялар кызматкерлеринин эреже бузууларын, мисалы, жашыруун соодагерликти жана базардагы көз боёмочулуктарды аныкташат.

Behavox менен Уолл-стриттин көптөгөн ири банктары, хедж фонддор жана жеке инвесторлор кызматташышат. Forbesтун маалыматына ылайык, компания 300 млн долларга бааланат. Анын кызматтарын 30дан ашуун компания колдонот, 2019-жылы анын кирешеси 130% түзгөн.

«Бул жылкы катышуучулардын тизмесине электрондук соода аянтчалары аркылуу облигацияларды сатууну илгерилетүүгө жардам берген, андан тышкары, колдонуучуларга ар кандай платформаларда жеке активдерине ээлик кылууга жардам берген фирмалар кирген», — деп жазат Forbes.

Басылманын маалыматы боюнча, мындай компаниялар инвестициялык банктарга базарда көз боёмочулук жана башка мыйзамсыз иштерди жасаган кызматкерлерден жана алдамчы трейдерлерден коргонууга жардам берет.