Иллюстративдик сүрөт. Даниль Усманов / Kloop.kg
Тилек Батырканов

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Тилек Батырканов парламенттик отурумда Ош шаарында жылдын башынан 11-февралга чейин 33 миңден ашуун тургун каттоого турганын кабарлады. Бул ушул жылдын 12-апрелинде өтө турган Шаардык кеңешке шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн. Биз добуштарды эсептөөдө бул канчалык таасир берээрин түшүндүрүп беребиз.

Кооптонууга негиздер бар

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо Оштон сырткары дагы бир нече шаарларда жана айылдарда өтөт. Соңку айда шайлоо өтө турган шаарларда да жаңы каттоого турган жарандардын саны өсүүдө.

2020-жылдын 1-январына чейин Ош шаарында жалпысынан 222 миң адам каттоодо турган. Алардын 139 117си шайлоо укугуна ээ — бул деген алар 18 жашка толгон, биометрикалык маалыматты тапшырган жана Оштун тургуну дегенди түшүндүрөт. Ал эми жылдын башынан 11-февралга чейин Ошто 33 805 адам жаңыдан каттоого турган болсо, эки күндүн ичинде дагы 2 миңдей адам катталган — 13 февралда Ошто жаңыдан каттоого тургандардын саны 35 895 адамга жеткен.

Жаңы жылдан баштап жаңыдан каттоого турган 35 895 жарандар жалпы шайлоочулардын санын 25%га көтөргөн, аларды «потенциалдуу шайлоочулар» деп эсептесек болот.

Салыштырып көрсөк өткөн жылдын акыркы эки айында Ошто 3 079 адам каттоого турушкан.

Жергиликтүү кеңештерге өтүүчү Токмок жана Каракол шаарларында да каттоого турган адамдардын саны өсүүдө. Жылдын башынан 13-февралга чейин Токмокто 6 745, Караколдо 3 159 жаран жаңыдан каттоого турган. Ошондо жаңы каттоого турган «потенциалдуу шайлоочулар» Токмок жана Каракол шаарларында добуш бере тургандардын жалпы санын 19% жана 8%га жогорулаткан.

Өткөн жылдын акыркы эки айында Токмокто 715 адам, Караколдо 345 адам каттоого турган.

Нуржан Шайлдабекова

Ошол эле отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова апрель айында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүчү аймактарда каттоого турган жарандардын саны көбөйгөнүн тастыктаган. Бирок ал бул көрүнүш шайлоонун жыйынтыгына таасир этпесине ишенет.

«[Каттоого турган] жарандардын көбү каттоого турганы менен, паспортунда дарек алмашкан эмес. [...] “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамында шайлоочулардын тизмесине бир гана жергиликтүү жамааттын мүчөсү киргизилээри айтылган, ал паспорттогу белгиси менен аныкталат», — деди Шайлдабекова.

Паспортто каттоого турган жерин алмаштыруу үчүн мурда жаңы паспорт алуу керек болчу. Бирок мындай 2004-жылкы паспорттордун үлгүсү үчүн болгон.

2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картада даректи алмаштырганда жаңы паспорт алуу кажет эмес. Паспорттоштуруу жана калкты каттоо кызматкерлери жарандын жаңы дареги боюнча маалыматын ID-картанын чибинде гана алмаштырып коё алышат.

2017-жылдан тарта жаңы үлгүдөгү паспорт 1,7 миллиондон ашуун жаранга берилген.

«Резина үйлөр» жана аларга каршы кантип күрөшсө болот?

Абдывахап Нурбаев

Депутат Абдывахап Нурбаев кээ бир паспорттоштуруу бөлүмүнүн кызматкерлери өз үйлөрүнө 500гө чейинки жарандарды каттоого алып жатканын айтып, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басарынан бул иштин мыйзамдуулугун сурады.

«Бир адам үйүнө 400-500 адамды каттоого коюп жатыптыр. Негизи паспортстолдо иштеп жаткан кызматкерлер дейт, силерге карайт да. Алар мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Бир үйгө 400 адам койсо?» — деп сурады Нурбаев.

Тилек Батыркановдун жообуна караганда, мыйзам жаранга каалаган жерине катталууга мүмкүнчүлүк берет, бул учурда аларга үй ээсинин макулдугу керектелет.

Кийинчерээк Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова «Ачык шайлоо KG» баракчасында Ошто үйлөрдүн биринде 1300 адам катталган факты аныкталганын кабарлаган.

БШКнын башка мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Клоопко» түшүндүрүп бергендей, Турак жай кодексине ылайык, бир үйдө бир адам үчүн 12 чарчы метрден аз эмес орун каралышы керек. Бирок ошол эле учурда мыйзам каттоого алуу мүмкүн болгон адамдардын санын чектебейт — ушул себептен «резина үйлөр» пайда болот.

Кайрат Осмоналиев

«Жакынкы күндөрү МКК ошол шаарларда туруктуу каттоого коюу боюнча талдоону көрсөтөт, ошондо анан резина үйлөр менен батирлер кайда экенин билинет. Негизи шайлоого байланыштуу болушу ыктымал. Ошондой эле ички миграция жана паспортту биринчи жолу алгандардын эсеби менен шайлоочулардын табигый өсүүсү менен салыштыруу болот», — деди Осмоналиев

Осмоналиев Турак жай кодексинде көрсөтүлгөн ченемдерден ашып кеткенде жарандарды туруктуу негизде каттоого тургузууну өкмөттүн токтомунун деңгээлинде тыюу салууну сунуштады — тагыраагы, эгер бир адамга 12 чарчы метрден аз жер туура келсе, анда жаранды каттатпоо керек. Эгер ченемден ашуу болсо, ашыкча катталган адамдардын туруктуу каттамын жокко чыгаруу.

«Болбосо биз шайлоонун адилеттүүлүгүнө жете албай калабыз. Себеби шайлоочулар де-юре добуш бере алганы менен, де-факто алар жергиликтүү жамааттын мүчөсү эмес», — дейт Осмоналиев

Парламенттин депутаты Жанар Акаев маселени чечүүнүн радикалдуураак жолдорун сунуштады. Ага ылайык, шаарда акыркы жарым жыл ичинде каттоого тургандар добуш берүү укугунан ажыратылат. Ал эми анын кесиптеши Дастан Бекешев шайлоочуларга да, талапкерлерге да отурукташуу чекшартын киргизүүнү сунуштады.

«Болбосо башка аймактардан талапкерди алып келип, “мына, ушул силердин депутатыңар болот” дешет», — деди Бекешов.

* Отурукташуу чекшарты — шайлоо убактында жарандын активдүү же пассивдүү шайлоо укугуна ээ болушу үчүн жергиликтүү жерде же мамлекетте аныкталган мөөнөттө жашоо талабы.

Кылмыш иштери козголгон,бирок эч ким жоопко тартыла элек

Ал арада Башкы прокуратура Ош шаардык ички иштер башкармалыгында добуштарды сатып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди. Маалым болгондой, шаардык кеңештин депутаттарынын үгүттөөчүлөрү аймактан келген студенттердин паспортторун шаарга каттоого тургузуу үчүн чогултуп башташкан.

Шайлоого катышып, «керектүү талапкерлерге» добуш берген студенттерге окууларында жеңилдиктер берилээри айтылып, акчалай сыйакы да сунушталган. Айрым үгүттөөчүлөр ыктымал талапкерлердин — «Өнүгүү-Прогресстен» Абдисаит Каримбековдун жана «Бир Бол» партиясынан Эрнис Кулназаровдун аты-жөнүн да аташкан. Сунушту четке каккан студенттер университет жетекчилиги тарабынан «сессиядан кулатылат» деп коркутулган.

Абдисаит Каримбеков жана Эрнис Кулназаров

Бирок, текшерүү ишинин жүрүшүндө укук коргоо органы «паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн башчысына мыйзам бузууга жол бербөө керек» деп гана эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА: