Ошто шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Сүрөт: Улан Асаналиев / Azattyk / kg

Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешке өтө турган шайлоо алдында калаага жаңы тургундардын жапырт катталуусу боюнча билдирүү жасады. Маалыматка ылайык, Ош ШИИБи «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

«Ошто шайлоо алдында жарандардын жапырт катталып жаткандыгы тууралуу басылмалар тараткан маалыматтарды изилдөөнүн жыйынтыгында, 2020-жылдын 12-февралында Ош прокуратурасы тарабынан Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Н.К. мыйзам бузууга жол бербөөгө эскертилди», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Буга чейин бир нече басылмалар Оштогу жогорку окуу жайларда окутуучулар жана үгүттөөчүлөр студенттердин паспортторун чогултуп, шаарга каттоого тургузууга аракеттенип жатышканын жазып чыгышкан.

Шайлоого катышкан студенттерге окууларында жеңилдиктер берилээри айтылып, акчалай сыйакы да сунушталган. Айрым үгүттөөчүлөр ыктымал талапкерлердин аты-жөнүн да аташкан. Ал эми сунушту четке каккан студенттерди университет жетекчилиги «сессияда кыйнайм» деп коркутуп жатканы маалымдалган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жылдын башынан 10-февралга чейин Ош шаарына 30 миңден ашуун жаран жаңыдан каттоого турган. Бул көрүнүш парламентте да талкууланды.

Анда депутат Абдувахап Нурбаев каттоо кызматынын айрым кызматкерлери үйүнө 400-500 жаранды каттоого алып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирип, текшерүүгө алууну суранды. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов бир киши өз үйүнө 1000 адамды да тургузса боло берээрин билдирди.

Ал эми депутат Жанар Акаев парламентте шайлоого чейин жарым жыл калганда жаңы каттого тургандарды добуш берүү укугунан ажыратуу керектигин сунуштады. Депутаттын ою боюнча жаңыдан каттоого турууга адамдарды шайлоого карата мажбурлап жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында Кыргызстан боюнча 20 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол жана Майлы-Сууда болсо шайлоо 12-апрелге белгиленген.