«Ушуну шайлайсыңар». Оштогу шайлоого карата студенттерди шаарга каттатуу аракети жүрүүдө

Сүрөт: Улан Асаналиев / Azattyk.kg

Ошто 12-апрелде шаардык кеңешке шайлоо өтөт. «Клооптун» редакциясына калаадагы университеттердин биринде билим алган дагы бир студент кайрылды. Анын айтымында, кээ бир талапкерлердин үгүттөөчүлөрү студенттерге шайлоого катыштыруу үчүн «500 сомдон сунуштап» шаарга каттатып жатышат. Буга далил катары ал редакцияга анын WhatsApp мессенжерине келген аудио билдирүүнү (голосовое сообщение) жөнөттү.

«Мына шилтемени карасаңар “Бир Болдо” менин акем турат, Эрнис Кулназаров деген. Ушуну шайлайсыңар да. Анан коркунуч жери жок, ишеничтүү. Ишенбесеңер мен менен кошо барып, регистрация кылып, акчаңарды ала келесиңер», — деп айткан үгүттөөчүлөрдүн бири.

Эрнис Кулназаров учурда «Бир Бол» партиясынан Ош шаардык кеңеште депутат болуп отурат. Ал 2018-жылдын май айында Эсептөө палатанын аудитор болуп кеткен Алимжан Байгазаковдун ордуна келип мандат алган. Бул кызматка чейин Кулназаров Ошто белгилүү тамадалардын бири болгон.

Ал эми Кулназаров менен байланышканы аракет жасаганыбызда биздин чалууларды кабыл алган жок.

Мындан бир нече күн мурун Ошто окуган бир нече студент «Клоопко» кайрылып, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан шаардык кеңеште депутат болуп отурган Абдисаит Каримбековдун үгүттөөчүлөрү добуштарын сатып алуу үчүн 1000 сомдон сунуштап жатканын билдиришкен. Бирок Каримбековдон да бул боюнча комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 10-февралга чейин Ош шаарына 30 миңдей адам жаңыдан каттоого турган.

Ал эми депутат Жанар Акаев 13-февралда парламентте шайлоого чейин жарым жыл калганда жаңы каттого тургандарды добуш берүү укугунан ажыратуу керектигин сунуштады. Депутаттын ою боюнча жаңыдан каттоого турууга адамдарды шайлоого карата мажбурлап жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында Кыргызстан боюнча 20 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол жана Майлы-Сууда болсо шайлоо 12-апрелге белгиленген.