«1000 сом берет». Ошто шайлоого карата студенттерден паспорт чогултула баштады

Ош шаарында үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Студенттердин айтымында, шайлоого байланыштуу калаанын жогорку окуу жайларында алардан паспорт чогултулуп, добуштарды сатып алуу аракеттери жүрүүдө.

«Клоопко» университеттердин биринде окуган студент WhatsApp месенжериндеги кат жазышуунун скриншотун жиберди. Кат жазышууда белгисиз адам студентти «Апсейит Каримбеков аттуу талапкерди» шайлап коюну өтүнгөн жана «1000 сомдон берилээрин» айткан. Мындан тышкары паспортун сураган, аны паспорт столго алып бармакчы болгон.

Ал эми Апсейит Каримбеков аттуу киши Абдисаит Каримбеков болушу ыктымал. Каримбеков учурда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Ош шаардык кеңеште депутат болуп отурат. Ошондой эле ал «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы болуп иштеген.

«Клооптун» журналисттери Каримбеков менен байланышууга аракет жасаганда анын жардамчысы депутат өлкөдө эмес экендигин билдирип комментарий берүүнү каалаган жок.

Ошондой эле «Клоопко» дагы бир студент кайрылып, университетте паспортторду чогултуп, «бербейм дегендерди сессияда кыйнайм» деп коркутуп жатышканын билдирди. «Паспортторду чогултуп алып шаарга каттоого тургузушат экен», — деди ал.

Мындан мурун «Турмуш» басылмасы кезектеги жергиликтүү шайлоого байлыныштуу жогорку окуу жайлардын биринде студенттердин паспорттору чогултулуп башталганын маалымдаган. Аты-жөнүн атагысы келбеген студент паспортту чогултуп берүү талабын «университеттин жетекчилиги» койгонун айткан.

«Биздин окуу жайда куратор, декандар милдеттүү түрдө талап коюп, акысына "сабактардан жакшы баа коюп берем, чайканага алып барам" деген убадаларды айтып жатышат. Алар бизден эмнени талап кылып жатышат? "Милдеттүү түрдө паспортуңарды чогулткула" дешти. Бирок азырынча паспортторубузду бере элекпиз. "Паспортуңарды эч кимге бербей тургула, мага бергиле" деген сунуштар келип жатат. Сессия жакындап калгандыктан "сессияңа жардам берем" деген сөздөрдү айтып жатышат. Акча убада кылгандар да бар», — деген студенттердин бири.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын адиси Адилет Бейшеналиев «Т-Медиага» билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 10-февралга чейин Ош шаарына 30 миңдей адам каттоого турган.

Юрист Маратбек Сакавидин уулунун айтымында, шайлоого даярдык болгон учурда талапкер же анын жакындары шайлоочулардын добушуну сатып алуу фактысы аныкталса, талапкердин каттоосу жокко чыгарылат.

«Бул фактылар аныкталса Борбордук шайлоо комисиясына кайрылса болот. БШК [жергиликтүү кеңешке] талапкердин мандатын талапкерликтен алуу же албоону чечет», — деди Сакавидин уулу.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамында шайлоочулардын добуштарын сатып алган талапкер же анын жакындары жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылаары жазылган. Ал эми Жазык кодексинин «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренесине ылайык, добуш сатып алган жаран максималдуу 2,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.