Мамэкотехинспекция менен Мамкурулуштун жаңы башчылары дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов жана Урмат Кокочаров

Мамэкотехинспекциянын жаңы башчысы болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды. Ал буга чейин Мамэкотехинспекциянын директорунун техникалык блок боюнча орун басарлык кызматында эмгектенип, Megacomдун Оштогу аймактык өкүлчүлүгүнүн директору болгон.

Жыпаркулов мекеменин жетекчилик кызматына Жолдошбек Жунушевдин ордуна келди. Жунушев ээлеген кызматынан 31-январда, тагыраагы, президент аны Коопсуздук Кеңештин жыйынында сынга алгандан кийин кеткен.

Коопсуздук кеңеш Мамэкотехинспекциянын бир нече кызматкери системалуу түрдө опузалоо боюнча кармалгандыктан, ведомствонун башчысын кызматтан алууну өкмөткө сунуштаган. Мындан тышкары, «ведомстводо Коопсуздук кеңештин чечимдеринин ишке ашышына байланыштуу болгон бузуулар болгон».

Мамкурулушутун жаңы башчысы болуп ушул эле мекемеде жетекчинин орун басарлык кызматында иштеп келген Урмат Кокочаров дайындалды. Ал жетекчилик кызматка Бакыт Абдиевдин ордуна келди.

Абдиев да президенттин КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айткан сынынан кийин кызматынан бошотулган.

2020-жылдын биринчи айлары кызматтык орун алмашуулар менен да эсте калды. Өкмөттүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлчүлүктөрү, ӨКМдин башчысы, вице-премьер-министрлер, МККнын жана «Унаанын» жетекчилери алмаштырылган.

ТЕМА БОЮНЧА: