Кытайдан чыга албай калган сапарман айдоочу Кыргызстанга кайтарылды

Кытайдын жаранын сүзүп алганына байланыштуу Кытайдан чыга албай жаткан айдоочу Кыргызстанга кайтарылды. Ал тийиштүү убакыт карантинге жайгаштырылып, үйүнө коё берилген.

Султан Таалайбеков чек ара жабылгандан кийин Кытайда калып калган кыргыз айдоочуларынын акыркысы болгон.

Кыргызстандын сапарман айдоочулар профсоюзунун төрагасынын орун басары Игорь Голубевдин айтымында, Кытайдын кыргыз айдоочусуна дооматы жок.

«Биздин дипломаттар тарабынан абдан оор жана активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, жабыркаган тарап менен ишти сотко чейин жеткирбөө тууралуу макулдашуу жетишилди. [...] Таалайбеков Кытайдан чыгып кетти, андан бардык дооматтар алынды, ага транспортту айып короодон кайтаруу жана Кытайдан чыгуу боюнча жардам көрсөтүлдү», — деп билдирди Голубев.

Таалайбеков Кытайдын жараны мас абалында болуп кыргыздын унаасынын алдына өзү бой таштаганын айткан.

Учурда башы жана бутунан жаракат алган жабырлануучу Кытайдын ооруканасында дарыланып жатат.

«Ага [жабырлануучуга] жардам көрсөтүлдү. Ага мамлекеттик деңгээлде биздин дипломаттар суранышкан адамдар жардам берип жатышат, ушул нерсе жол кырсыгына учуроо маселесин чечүүдө жардам берди», — деди Голубев.

Сапармандар январь айынын этегинде Ош облусунан Кытайга жол тартышкан. Ондогон оор жүк унаасы товар ташып келүү үчүн жөнөп, бирок кыргыз-кытай чек арасы жабылгандыктан улам Кыргызстанга кайтып келүүгө үлгүрбөй калышкан.

Анда эпидемиологиялык кырдаал жарыяланганы байланыштуу 54 кыргызстандык Кытайда калып кеткен. Алардын ичинен 32 адам Топо жана 22си Уулчат шаарында калган. Алардын бардыгы Кыргызстанга кайтып келип, карантинге жайгаштырылды.