Каракол шаардык кеңештин депутаты кесиптешинин үстүнөн УКМКга арыз жазды

«Табылга» партиясынын Каракол шаардык кеңешиндеги депутаты Азамат Айтбаев КСДП партиясынын депутаты Туганбек Чолпонбаевдин үсүнөн УКМКга арыз жазды.

Айтбаев «Азаттыкка» курган маегинде, 25-февраль күнү шаардык кеңештин жыйынында Чолпонбаев аны мэрдин отчётун колдоп, башка депутаттарды да отчёт үчүн добуш берүүгө үндөгөнү үчүн сабап салганын айткан.

«Мени 18 депутат колдоп, мэрдин отчёту кабыл алынды. Ошол замат эле Чолпонбаев мени залдан чакырып чыгып, коңшу бөлмөгө алып кирип алып, шапалак менен кулак түпкө сокту. Эшикти жаап алып, дагы бир нече жолу бети-башыма уруп, ичиме сокту. Ал мени "мэрдин отчетун өткөрбөш керек эле, сен неге саботаж кылып жатасың?" деп соккулап жатты. Сабап туруп эле кайра "жүрү эшикке" деп, сыртка чыкканда кайра кучактап кечирим сурады», — деп билдирген Айтбаев.

Депутаттын айтымында, ал ошол эле күнү соттук-медициналык экспертизадан өткөн. УКМКда Айтбаевдин арызын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катташкан.

Учурда Каракол шаардык кеңешинде беш партиянын, КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Табылга», «Кыргызстан» жана «Республика — Ата-Журттун» депутаттары бар. Бирок үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде жергиликтүү кеңешке карата кезектеги шайлоо өтөт.