ТИМ: Кыргызстандыкта коронавирус аныкталды. Ал Жапониядагы ооруканада жатат

Кыргызстандын ТИМи Princess Diamond лайнеринде иштеген кыргызстандык коронавирус жуктуруп алганын ырастады. Кыргызстандык Жапониянын госпиталына жаткырылган, ал жакка аны карантинге жайгаштырышкан.

Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин эле аталган кыргызстандыкта коронавирус болушу мүмкүн деп маалымдаган — анткени вирус анын кесиптеши жана коютадагы кошунасында табылган. Кыргызстандык лайнердин тейлөө персоналында иштеген — кызматкерлер кеменин кайсы жүргүнчүсү оорулуу экенин билишкен эмес, ошондуктан катары баарын тейлешкен.

Ооруну жуктурган адамдан айтымында, анда вирусту үчүнчү жолу өткөрүлгөн тесттен кийин аныкташкан. Ал адамдар үч жолу тест алынаарын, эгерде бардыгы таза чыкса карантинден чыгарышаарын айтып берген.

Жалпысынан лайнердин 700гө чукул жүргүнчүсүндө коронавирус бар экени белгилүү болду. Үч адам көз жумган. Оорулууларды медициналык кароодөн өткөрүү үчүн Жапония бийлигинин чечими менен лайнер кемеказыгын Йокогама шаарынын жанында таштап, 19-февралга чейин карантин жарыяланган.

28-февралга карата дүйнөдө 83 704 коронавирус жуктуруу учуру, анын ичинде 2859 адам көз жумганы ырасталган. Анткен менен 36 654 чукул адам вирустан айыгып кеткен.

Вирус көбүнчө Кытайда жайылган — вирус менен ооругандардын 99 пайызына чукулу дал ушул өлкөдө аныкталган.

Кыргызстан коронавируска кантип даярданып жатат?

Кыргызстанда коронавируска шектүү адамдар аныктала турган болсо аларды госпиталга жаткыруу үчүн дээрлик миң орун дайындалган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, байкоо жүргүзүүнүн убактылуу пункттарында жаткан адамдарга үч маал ысык тамак берилүүдө.

«Республиканын аймагында, чек арадагы өткөрмө постторунда 22 санитардык карантиндик пункт жайылып, ал жакта эпидемиолог врачтар, инфекционисттер жана башка медицина кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кезметчилик уюштурулган», — деп билдирди министр.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан гана эмес, Жапония жана Түштүк Кореядан келгендерди да эки жумалык карантинге атайын мекемеге жайгаштыруу чечимин кабыл алды.

Ведомстводон кошумчалашкандай, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу учурлары азырынча жок.

Коронавируска болгон даярдыкты саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев да тастыктады. Ал Кыргызстанда бул үчүн «атайын буюмдар, өзүнчө шлемдер бар. Бардык керектүүлөр бар» деп билдирген.