«Дордойдун» АФК кубогундагы беттеши коронавируска байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды

Азия футбол конфедерациясы (АФК) 2020-жылдагы АФК кубогунун жана Лиганын бир катар матчтарын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Ошондой эле, АФК кубогунун тайпалык баскычындагы «Дордой» менен «Алтын Асыр» (Түркмөнстан) футбол клубдарынын оюну да жылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан (КФС) билдиришти.

АФКнын басма сөз кызматы билдиргендей, матчтар коронавирустун жайылып кетиши мүмкүндүгүнөн кабатырланып жылдырылган. Бирок Кыргыз футбол союзу «Клоопко» матчты жылдырууга эмне себеп болгонун билбестигин кабарлады.

«Дордой» менен «Алтын Асырдын» ортосундагы матч 11-мартта Бишкекте өтүшү керек болчу — бул D тобундагы биринчи оюн болмок.

«Дордой» менен «Алтын Асырдан» тышкары, тайпада эки тажикстандык команда бар: «Истиклолом» жана «Хужанд».

Коронавирус бул турнирдин дагы бир матчына таасир эткен. Кочкор-Аталык «Нефтчи» клубунун каршылашы болгон Түркмөнстандын «Ахал» командасы Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Кытайдагы коронавирустун айынан Жалал-Абадда 5-февралга дайындалган экинчи тандап алуу баскычынын оюнун жылдырууну өтүнгөн. АФК «Ахалдын» өтүнүчүнөн баш тартып, клуб келбегендиктен аны турнирден четтеткен. Ошентип «Нефтчи» кийинки баскычка өтүп кеткен, бирок ал жактан «Хужандга» утулуп калган.

АФК кубогу — бул маанилүүлүгү боюнча экинчи футболдук турнир. Аны Азия футбол конфедерациясы өткөрөт. Турнирде футболдун өнүгүү деңгээли АФК Чемпиондор лигасына (маанилүүлүгү боюнча биринчи турнир) катышуу үчүн жетишээрлик эмес өлкөлөрдүн Кубокторунун ээлери, чемпионаттардын байгечилери жана жеңүүчү клубдары катышат.

Кыргызстанда коронавирустун айынан спорттук иш-чаралар жылдырылган учурлар болгон.

Февраль айынын аягында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттиги марттын башында Бишкекте өтө турчу хоккей боюнча IV дивизиондун дүйнө чемпионаты коронавирустун айынан жаз мезгилинин аягына жылдырыла турганын билдирген.

Чемпионатта Кыргызстандын курамасы Малайзия, Филиппин жана Кувейттин командарлары менен кездешмек.

Бирок турнир жылдырылганга чейин эле бир нече күн мурда Кувейттин хоккей боюнча курамасы IV дивизиондун оюндарына катышуудан баш тарткан. Кувейттин бийлиги алардын өлкөсүндө жаңы коронавирус жуктуруунун биринчи учурлары катталгандыктан Кыргызстанга спортчуларын жөнөтпөөнү чечкен.

Жаңы коронавирус жуктуруу учурлары катталган өлкөлөрдө да спорттук иш чаралар токтотулуп жана жылдырылууда.

Кытайда бир катар ири спорт иш-чаралары жылдырылган: футбол боюнча өлкөнүн чемпионатынын башталышы, орунжайдагы жеңил атлетика боюнча чемпионат, Формула 1дин Гран-приси. Мындан тышкары, тоо лыжа спорту боюнча дүйнө чемпионаты жана баскетбол боюнча Кытайдын чемпионаты да жылдырылган.Италияда бардык спорттук иш-чараларды 3-апрелге чейин көрүүчүлөрсүз өткөрүү чечими кабыл алынган. Ушул эле чара мода көрсөтүү иш-чарасына да жайылтылган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруу факты катталган эмес. Вирусту жуктуруунун алдын алуу үчүн бийлик Кытайдын, Түштү Кореянын, Жапониянын, Италиянын жана Ирандын жарандарына Кыргызстанга кирүүгү убактылуу чектөө жана аталган өлкөлөрдөн кайтып келген кыргызстандыктар үчүн милдеттүү карантин кигизген.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 5-мартка карата 90 936 адамды түзөт, анын ичинен 53 400 адам айыгып, 3 286сы каза тапкан.

Вируска чалдыккандардын көбү Кытайда — 80 410 адам. Түштүк Кореяда — 5 766, Италияда 3 089, Иранда 2 922 адам. Башка өлкөлөрдө оору жуктургандарды саны кыйла аз же такыр эле жок.