Милиция митинг учурунда парламенттин кызматкерлерине кол көтөргөн аялды кармады

Милиция 2-мартта Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда башка митингчилер менен бирге парламенттин кызматкерлерине кол салган аялды кармады. Ошол күнү Жапаровдун тарапташтары бийликтин аракетсиздигине нааразы болуп, жумуштан чыгып бараткан парламенттин кызматкерлерин сөгүп, жулкулдатып, тепкиге алышкан.

Ички иштер министрлиги 1973-жылкы кармалган аялдын аты-жөнүн азырынча ачыктабай, билдирүүсүндө аны Ч.Н. деп көрсөткөн.

Милиция кызматкерлери аны 4-март күнү Жогорку Кеңештин кызматкерлери укук коргоо органдарына арыз жазышкандыктан кармашкан.

Ал милиция иликтөө жүргүзгөнчө 48 саат убактылуу кармоо изоляторунда болот. Милиция парламенттин кызматкерлерине кол салуу факттын «Массалык башаламандык» беренеси менен КЖБРге каттары.

Тергөө жүргүзүлгөндөн кийин аялга тагылып жаткан айыптын беренеси өзгөртүлүшү мүмкүн.

Журналисттер 2-март күнү тартып алган видеодо Жапаровду колдоп келген аялдардын тобу жумуштан чыгып келе жаткан парламенттин кызматкерлерин тээп, түртүп жана урушушкан.

Аялдар президент Сооронбай Жээнбеков жана бийликтин башка өкүлдөрү митингчилердин талаптарын угуу үчүн алардын алдына чыкпай койгондоруна нааразы болушкан.

Аялдардын бирөөсү Жогорку Кеңештин имаратынын кызматтык кире беришинин алдында парламенттин кызматкерин курткасынан кармап, ага Сооронбай Жээнбековду таап беришин талап кылган.

Милиция учурда парламенттин кызматкерлерине кол көтөргөн башка адамдардын өздүгүн тактап жатат.

Садыр Жапаровду колдоо митинги 2-мартта Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында өткөн. Ага Жапаровдун 1500 ашуун тарапкери келип, саясатчыны камактан чыгарууну талап кылышкан.

Тынч башталган митинг кечке маал Жапаровдун тарапкерлеринин милиция менен кагылышуусуна өсүп кеткен. Митингчилер аларга президент же бийликтин башка өкүлдөрү чыкпай койгонуна нааразы болушкан.

Жапаровдун нааразы болгон тарапташтары Ак үйдүн аймагына кирүүгө аракет кылышкан. Милиция кызматкерлери аларды токтотууга аракет кылганда, митингчилер аларга таш ыргыта башташкан. Натыйжада митингдин катышуучуларын атайын каражаттар — суу аткычтар жана көздөн жаш чыгаруучу газ менен кууп таркатышкан.

Жапаров деген ким?

Жапаров — Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршылаш болгон саясатчы. 2018-жылы Жогорку сот аны Каракол жана Сару айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу боюнча митингди уюштурууга күнөөлүү деп тапкан.

Мындан тышкары, тергөөнүн версиясына ылайык, Жапаров телефондон митингдин катышуучуларына Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча тапшырма берген.

Каптагаев өзү 2019-жылдын сентябрь айында Жапаровго карата дооматы жок экенин айтып, бийликтен саясатчынын ишин кайра кароону өтүнгөн.

Бирок, сот баары бир Садыр Жапаровду 11,5 жылга эркинен ажыратып, андан кийин абак мөөнөттү 10 жылга чейин кыскарткан.

2019-жылы ноябрда Жапаров президенттик кызматта Атамбаевдин ордуна келген өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураган. Саясатчы кайрылуусун үй-бүлөсүндөгү абал оор болуп аткандыгы менен түшүндүргөн.

Жапаров түрмөдө отурганда атасы жана апасы дүйнөдөн кайткан, ал эми уулдарынын бири авариядан каза тапкан. Анткен менен президент Жээнбеков саясатчынын кайрылуусуна эч кандай реакция кыла элек.

Автору: Наргиза Корголдоева