Коронавируска байланыштуу Иранда калып калган кыргызстандык айдоочулар мекенине кайтарылат

Ирандын Азербайжан менен чектешкен Астара шаарында 18 кыргызстандык айдоочу мекенине кайта албай жатат. Анткени чек ара коронавирустан улам жабылып калган. Алар Ирандан чыгарып кетүү үчүн жардам сурап Кыргызстандын ТИМине кайрылуу жолдошту. Кайрылууну «Короче» телеграм-каналы жарыялады.

«Короче» телеграм-каналынан алынган тасма

«Биз Кыргызстандын жарандарыбыз, айдоочубуз. [Тышкы иштер] министрлиги коронавирустан улам чыга албай жатканыбыздан кабардар экенин билебиз. [...] Акчабыз майга да, тамакка да жок. Акча которуулар да жок экен бул жерде. Министрликтен тезирээк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бизди чыгарып кетүүсүн суранабыз», — деп кайрылган ТИМге кыргызстандыктардын бири.

Тасмада оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын дээрлик баары бет кап кийип алышканын көрүүгө болот.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов бүгүнкү басма сөз жыйынында Иранда калып калган кыргызстандыктарды чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«Айдоочулардын кайрылуусунан баштап Тышкы иштер министирлиги жана Тегеран, Ашхабад жана Бакудагы Кыргызстандын элчилиги бул суроону өзгөчө көзөмөлдө кармоодо. 2020-жылдын 2-4-март күндөрү ТИМге Түркмөнстан, Азербайжан жана Орусиянын Кыргызстандагы дипломатикалык миссиялардын башчылары чакырылган. Аларга ТИМдин расмий ноталары тапшырылган. Мындан сырткары кыргызстандык айдоочуларды чек арадан коё берүү тууралуу жана алардын кайра Кыргызстанга кайтып келүүсү үчүн жүк ташуучу унаа каражаттары боюнча маселени чечүү үчүн консультациялар берилип сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деди Абдрахманов.

6-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясынан 3 383 адам каза таап, 98 705 адам жуктурганы белгилүү. Ал эми 55 497 адам вирустан айыгып кеткен.

Вирустун очогу Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаары — вирус менен ооругандардын 99 пайызга жакыны дал ушул өлкөдө аныкталган.