Кыргызстанда коронавируска 1500дөй адам текшерилди — көпчүлүгү кытайлыктар

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева «Азаттыкка» курган маегинде жалпысынан медициналык байкоодон бир жарым миңге чукул адам өткөнүн билдирди — алардын баарынан коронавирус аныкталган жок. Ал эми карантинге жаткырылып чыккандардын 1200ү кытайлыктар.

Саламаттык сактоо милистрлигинин маалыматы боюнча 9-мартка карата 286 адам карантинге алынган. Алардын абалы туруктуу болгону кабарланды.

Кыргыз өкмөтү коронавирустун алдын алуу үчүн инфекция көп катталган өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанда кирүүгө чектөө киргизди. Ага ылайык, Кытай, Жапония, Корея жана Италиянын жарандары эгерде акыркы 30 күндө эпидемиологиялык кырдаал жакшы өлкөлөрдө жүргөнү анык болсо, республикага кире алышат. Муну менен катар 30 күн эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келе турчу бардык чет өлкөлүктөргө өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салынды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус шартталган инфекция 104 өлкөдө катталды. 9-мартка карата 4009 адам каза таап, 109 миңдей адам оору жуктурган. Ошо эле маалда илдеттен 62 миңдей адам айыкты.