Кыргызстанда коронавируска кантип тест тапшырса болот? Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрөт

Коронавирустун бар-жогуна биринчи кезекте илдет катталган өлкөлөрдөн келген адамдар текшерилиши керек.

«Ооруну жуктуруу учурлары бар өлкөлөрдө болбогон, эпидемиологиялык жактан абал начар болуп аткан мамлекеттен келгендер менен байланышпаган адамдарга тест тапшыруу кажет эмес. Бул 2019-жылдын декабрынын аягынан башталган убакытка тиешелүү», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун башчысы Жылдыз Айгерчинова.

Бүгүнкү күндө бийлик Кытайдан, Жапониядан, Италиядан, Түштүк Кореядан жана Ирандан келген кыргызстандыктарды текшерип жатабыз деп айтып жатат. Анткени бул өлкөлөрдө коронавирус жуктургандардын эң чоң саны катталган. Вирус 90го жакын өлкөдө аныкталгандыктан кыргыз өкмөтү чектөө киргизилген өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүүгө даяр. Бул тизмеге кирген мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга киргизилбейт, ал ами ал жактан келген кыргызстандыктарды карантинде кармашат дегенди түшүндүрөт.

Эгер сиз ошондой өлкөдөн келсеңиз, анда сизди биринчи карантинге жайгаштырып, андан кийин кандын сынамын алуулары керек. Үлгү Мамсанэпидемкөзөмөл борборуна караштуу лабораторияга вирустун бар-жогун текшерүү үчүн жиберилет.

Редакциядан: Бирок, соцтармактардагы билдирүүлөргө караганда, өлкөгө кайтып келгендердин баары эле карантинге жаткырылган жок, айрымдары анын эрежелерин сактаган эмес.

Коронавируска алдын ала тест тапшырса болобу?

Эгер сиз чет өлкөгө чыкпасаңыз жана вирус жуктуруу учурлары катталган өлкөлөрдөн келген адамдар менен байланышпасаңыз, бирок сизде вирус бар болушу мүмкүн деген шек болсо дароо эле тест тапшыра албайсыз.

Биринчи кезекте катталган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып, терапевтке абалыңыз тууралуу айтып беришиңиз керек. Эгерде врач сизде коронавирустун белгилерин аныктаса, анда ал сизди тест тапшырууга жөнөтүп, сиз ошол эле чет өлкөдөн келгендер өткөн этаптардын бардыгын өтөсүз — обочолоо, кан алуу жана анализ тапшыруу.

Редакциядан: Коронавирус иммунитети алсырап калган адамдарды өлүмгө алып келген пневмониянын чыгышын шарттайт — оору жуктурган адамда вирус аныкталбай, аны жөн гана пневмония менен ооруган адам катары эсептеп коюшу мүмкүн деген коркунуч бар. Кыргызстанда лабораториялык тестирлөөнүн бир эле түрү бар. Чынында алар көп. Алар коронавирус жуктуруп алууга шек санаганда лабораториялык тестирлөөнүн кандай түрлөрү бар экенин бул жерден билип алса болот.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, коронавирустун белгилери суук тийип калуунун симптомдоруна абдан окшош — дене табынын жогорулашы, чүчкүрүү, жөтөлүү жана оор дем алуу. Коронавирустун алдын алуу максатында бийлик кыргызстандыктарга тез-тезден кол жууп турууну, таза абада көбүрөөк сейилдөөнү, турак жайды желдетип турууну жана адамдар көп чогулган жерлерге барбоону сунуштаган.

Редакциядан: Бирок, Бишкекте, Ошто жана кээ бир шаарларда кара түтүндүн жана абанын булганышынын деңгээли жогору, ошондуктан булардын сизге кайрадан зыяны тийип калышы мүмкүн, башка оорууларга себепкер болушу мүмкүн, ошондой эле өпкө жана жүрөк ооруларына да алып келиши ыктымал.

Коронавирус дүйнөдө жана Кыргызстанда

2019-жылдын декабрынын аягында коронавирус очогу тутангандан бери Кыргызстанда бир учур катталган эмес. Бирок ошол эле кезде өлкө Кытай менен чектеш жана ал жактан студенттер, ишкерлер жана сапарман айдоочулар кайтып келишти.

Бийлик 1-марттан тарта Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Италия жана Иран өлкөлөрүнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө чектөө киргизген.

Мындан тышкары, өкмөт башка маморгандарга массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну сунуштаган. Бишкекте жергиликтүү бийлик жыл сайын өткөрүлчү Аялдардын шериктештик маршын кошкондо 2020-жылдын 1-июлуна чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Албетте, бул бийликтин Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок деген билдирүүсүн эске алганда, маршка эмне үчүн тыюу салынганы логикага сыйбайт.

Кийинчерээк шаар бийлиги тынчтык чогулуштарга тыюуларды чакыртып алган — буга мындай тыюулар Баш мыйзамга туура келбегени да себеп. Анткен менен милиция тынчтык жөө жүрүштүн катышуучуларын кармап, өлкөнүн башкы мыйзамын бузду. Милиция марштын катышуучуларын жаңжал чыкканы үчүн кармаганын айтууда, бирок чынында милиция чагымчылдардын активисттерге кол салганын четте карап турушкан. Андан соң жабырлануучуларды кармап кеткен. Кол салууга четте карап туруу жана жардам бербөө, андан кийин марштын макулдашпагандыгына таянуу (негизи макулдашуунун да кажети жок) — бул адамдарды коркунучта калтыруу болуп саналат жана бул дагы мыйзамсыз.

Дүйнө жүзүндө вирустан чочулоо Кыргызстандагы пландык иш-чараларга да таасир этти. Мисалы, февралдын аягында Спорт мамагенттиги билдиргендей, Бишкекте өтүш керек болгон IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты коронавирустун айынан жаздын аягына чейин жылдырылды.

Кыргызстандын жарандарынын арасында жуктуруу учуру катталган жападан-жалгыз учур чет өлкөдө орун алды — кыргыз жараны Жапониянын Йокогама шаарынан жөнөп кеткен Diamond Princess суу кемесинде жүргөн маалында ооруп калган. Ал карантинге жайгаштырылып, акыркы анализдери оору жоктугун аныктап ооруканадан чыгарылган.

9-мартка карата, дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусун жуктуруп алгандардын саны 110 миң адамдан ашты, 3 800 адам каза таап, 61 980ге жакын адам айыккан.

Материалдын үстүндө «Клооптун» журналистика мектебинин студенттери иштеди: Наргиза Нурлан кызы, айжана Султанбекова.

Редактору: Айжамал Джаманкулова