Сүрөт: Unsplash

Дүйнөгө жайылуусу пандемия деп табылган коронавирустан улам көптөгөн өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилип, окуу жайлар, чек аралар убактылуу жабылып, карантин киргизилген. Кыргызстанда азырынча вирус жуктургандар тууралуу расмий маалымдала экек, бирок олуттуу да, сандырак да профилактикалык чаралар көрүлгөн. Кыргызстан пандемиядан коргонууга кантип аракет кылып аткандыгын айтып беребиз.

Иш-чараларды чектөө

Коронавирустун кулач жайышы пандемия деп бышыкталгандан кийин өкмөт 12-мартта өлкөдө бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги менен республикалык штаб иш-чараларды болгону токтотуп же болбосо чектөөнү гана сунуштаган. Ошондой эле 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат мектеп жана университеттерди бир айга карантинге жабууну сунуштаган. Бирок анын сунушу учурда колдоо таба элек. Ошол эле кезде коңшу Казакстанда 16-марттан тарта коронавируска байланыштуу пландан тышкаркы каникулдар башталат.

Үйдөгү жана ооруканадагы карантиндер

Республикалык штаб өлкөлөрдүн үч категориясын аныктады. Ал өлкөлөрдөн келген жарандар ооруканадагы карантинде же врачтардын кароосу алдында үй карантинине жаткырылышы керек.

Карантин эки аптага созулат, бирок анын мөөнөтүн бир айга чейин узартуу сунуштары да айтылды. Буга чейин, өлкөгө кайтып келгендердин көбүн, ошондой эле Кытайдан келгендерди да үч күнгө карантинге алышкан же үй карантинине коё беришкен. Бирок, коё берилгендердин баары эле чынчылдык менен обсервация шарттарын сактабайт.

Өлкөлөрдүн биринчи категориясына Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Италия жана Иран кирген. Кыргызстандын бийлиги бул өлкөлөрдүн жарандары үчүн 1-марттан тарта өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салган. Бул өлкөлөрдөн кайтып келген кыргызстандыктар болсо милдеттүү түрдө клиникага карантинге жайгаштырылат.

Экинчи категоиряга — Франция, Германия, Испания, Сингапур жана АКШ кирген, ал эми үчүнчүгө — Кувейт, Бахрейн, Таиланд, Тайвань, Швейцария, Улуу Британия, Австралия, Малайзия, Канада, Ирак жана БАЭ кирген. Бул өлкөлөрдөн келгендер дагы милдеттүү түрдө дарыгерлердин кароосунда 14 күн болушу керек, бирок үйгө жайгаштырылса болот.

Карантинге түшүп калган кыргызстандыктар обсервациянын шарттары тууралуу «Клоопко» айтып беришкен. Адамдарды бир палатага сегизден жайгаштырышат — эгер алардын бирөөсү вирус жуктуруп алган болуп чыкса, калгандардын да ден-соолугуна зыян тиет. Үй карантинине жөнөтүлгөн кыргызстандыктардын биринин айтымында, ал обсервациянын эрежелерин сактаган, бирок дарыгерлер аны анчейин көп текшеришкен эмес.

Сүрөт: Unsplash

ДСУдан жардам

Саламаттык сактоо министрлиги АКШ менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДСУ) коронавирус инфекциясына каршы чара көрүү үчүн тийиштүү коргонуу каражаттарын алганын кабарлады. Ал жакка 10 миң хирургиялык бет кап, 10 миң кол кап, 1,4 миң халат, 200 коргонуу көз айнеги жана 200 респиратор кирет.

Республикалык штаб да бир катар атамекендик компания медициналык бет кап өндүрө баштаарын кабарлады. Январдын башынан бери дарыканаларда бет каптарга болгон баа өсүп, кээде алар таптакыр эле жок болуп калып атканы байкалууда.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер менен камсыздоо департаментинин стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Жылдыз Жумагулова Кыргызстандын медициналык бет каптарды чыгаруу боюнча жеке өзүнүн өндүрүшү жоктугун айтат. Ал эми өлкөгө бет кап ташылып келген Орусия, Түркия жана Кытайда бет каптарды экспортко чыгарууга убактылуу чектөө киргизген.

«Башка өлкөлөрдөн ташып кирүүгө альтернативалуу жолдорду карап атабыз. Бул жерде бет каптардын баасы боюнча да маселе бар — айрым өлкөлөрдө кыргызстандыктар сатып алып көнгөн баадан да жогору», — деди Жумагулова.

Анткен менен бет каптар — коронавирус жуктуруудан коргобойт. Кадимки бет каптар 20 мүнөт ичинде коопсуз, кээде андан көбүрөөк, бирок андан кийин аны алмаштыруу керек. Бет каптар бейтаптарга да керек, алар башкаларга жуктурбашы үчүн, аларды көп учурда дени сак адамдар да жуктурууп албоо үчүн тагынышат.

Сүрөт: КМДБ

Дезинфекция

Өкмөт 12-мартта өз ишмердигин соода-сатык, кызмат көрсөтүү жана тамак-аш чөйлөрүндө жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга «убактылуу чектөө алынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан карманып турууну, ошондой эле оурнжайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалыгычтарды орнотууну, кызматкерлерди жана келген адамдарды дезинфекция кылган каражаттар менен камсыздоону» сунуштаган.

Чек ара кызматы маалымдагандай, өткөрүү пунктарынын бардыгында дезинфекциялык каражаттар орнотулуп, транспорт дезинфекциядан өткөрүлүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы «адамдар көп топтолгон жерлерди, айрыкча маршруткаларды, борбор калаанын соода-базар комплекстерин дезинфекция кылууну» баштаганын билдирди.

Ошондой эле, өкмөт бардык министрликтерге, мамкомитеттерге, административдик ведомстволорго, КР өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамадминистрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздап, калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өткөрүүнү» тапшырган.

Республикалык штаб жакында облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун администрацияларына бардык жергиликтүү соода пункттарында (базарларында) дайыма дезинфекция өткөрүп турууну тапшырган.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттерде орунжайларды дезинфекция кыла баштап, мечитке келгендерге жана медресенин окуучуларына коронавирус тууралуу маалымат бере баштаган.

«Реалдуу чаралар»

Коронавируска даярдыкты Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев да тастыктап, бул үчүн Кыргызстанда «атайын буюмдар, өзүнчө шлемдер жана башкалар, бардык керектүүлөр бар» экенин билдирген.

Сүрөт: 24.kg

Мындан тышкары, муфтият 8-мартта коронавируска каршы түлөө (кан чыгаруу) өткөргөн. Анда Бишкекте эки бодо мал союлуп, эттери муктаждарга таратылган.

Түлөөгө өлкөнүн башкы муфтийи Максатбек Токтомушев да катышкан.

«Садака ар кандай жаманчылыктардан коргойт. Коронавирус деп дүрбөлөңгө түшпөй ага тобо келтирип, мындай учурда каада-салтыбызда да, шариятыбызда да Жараткандан оорудан, жаман өлүмдөн сактап, илдетке шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөрүп келишкен. Ылайым, Алла Таалам элибизге амандык, биримдик берип, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун!» — деген муфтий.

Мындан тышкары, түлөө Чүй облусунун Военно-Антоновкасында, Нарында жана Жалал Абадда өткөрүлгөн.

Кыргызстан «Кудайдын коргоосунда»

Жакында басма сөз жыйындардын бирине коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) коронавирус Кыргызстанга келбейт деп билдрген.

«Коронавирусту мен жөнөтүп, чек араларды белгилеп койдум. Жер тазаланышы үчүн, дүйнөнү башкарыш үчүн жөнөттүм. Менде жаратылыш күчтөрү аркылуу соттоо жөндөмүм бар. Менин сөздөрүм, оюм — бул мыйзам, ал эми менин куралым — бул жаратылыш күчү», — деп айткан Абдылдаев. 2019-жылдын августунда ал өзүн кудаймын деп жарыялаган, ал эми 2017-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

ТЕМА БОЮНЧА: