Өзгөндөгү шахтада эки украиналык урандынын астында калып, бирөөсү жеринде каза тапты

Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл аймагында жайгашкан көмүр кенинде «Сай-Аска» ЖЧКсынын эки кызматкери урандынын астында калышты. Маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык 41 жана 43 жаштагы Украинанын жарандары 10-март күнү шахтада чалгындоо жүргүзүп жатканда темирден жасалган тирегичтер топурак, таштар менен кулап түшүп, аларды басып калган.

«Натыйжада 41 жаштагы киши окуя болгон жерде каза тапкан, ал эми 43 жаштагы украиналык жаран бутунан жаракат алып Өзгөн аймактык ооруканасынын сынык-жарат бөлүмүнө жаткырылган», — деди Аширбаев.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып териштирүү иштери жүрүүдө.

«Сай-Аска» көмүр кен казуучу ишканасында жалпысынан 21 Украинанын жараны иштеп жаткан.

Аталган компания чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2016-жылдын 1-январында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынын лицензия алган.