Инспектор менен чырдашкан журналистке 1000 сом айыппул салынды

Ош шаарында инспектор менен чырдаша кеткен журналист Жылдыз Бекбаевага «Жол белгиге баш ийбөө» беренесинин негизинде протокол түзүлүп 1000 сом айыппул салынды.

Ош ШИИБинин басма сөз кытчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, тараптар жарашып алгандыктан милициянын тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ачылган жок.

«Инспектор "аял киши экен мага кылган мамилесин кечирдим" деп жатат. Кызматкер өзү арыз жазуудан баш тартып жатат», — деп түшүндүрдү Сыдыков.

Калаадагы борбордук көчөлөрдүн кесилишинде 12-мартта «Нур ТВ» телеканалынын журналисти Жылдыз Бекбаева менен Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Бексултан Ташкуловдун ортосунда чыр чыккан.

Окуядан тартылган кадрларды «Турмуш» басылмасы жарыялады. Тасманын башталышында журналист инспекторду түртүп жибергенин көрүүгө болот. Ал эми инспектор «журналист экениңизди билемин, журналисттерге мыйзам жокпу?» деп суроо салат. Буга жооп катары Бекбаева «атайлап жасап жатат» деп айткан.

Андан кийин журналист менен шаар тургунунун ортосунда пикир келишпестик жаралып, алар айтыша кетишкен. Окуя кайрадан инспектор менен журналисттин кайым айтышуусу менен уланып, кийинчерээк Бекбаева окуя болгон жерден унаасын айдан кетүүгө аракет жасаган. Бирок жол кайгуул кызматкери унаанын алдына туруп жолун торогон.

Ош шаардык ЖКККБнын кенже тескөөчүсү Бексултан Ташкулов «Турмушка» билдиргендей, журналист жол белги эрежесин бузгандыгы үчүн андан документтерин сураган. Бирок ал «уят сөздөр менен сөгүп, аны мойнун аймап, 5-6 метрге чейин сүйрөгөн».

«BMW автоунаасынын айдоочусуна спецсигнал колдонуп айттым “эже, автоунааңызды алып коюңуз” деп, албай койду. Ошол учурда жолдун берки бетине өтүп, “автоунаадан тиешелүү документтериңизди алыңыз” десем, уят сөздөр менен сөгүп, “бар жоголчу, мен кызымдын концертине кетип жатам” деп туруп алды. Тиешелүү документтериңизди алыңыз деп, телефонду жандырып туруп алсам, тааныштарына чалып баштады. Мен албай койдум телефонду. Себеби мени уят сөз менен сөктү. Ошол учурда 20-30 чакта адам карап турду, бардыгы күбө. Унаасынын астына туруп алып документин сурасам айдап жиберди, жерге түшүп калбашым үчүн капоттун үстүнө жаттым — 5-6 метрге чейин сүдүрөп кетти. Кийин менин телефонумду талашып, экранын сындырып, мойнун аймап, капюшондон, жакалардан тартты, бирок жыртылбай калды», — деди ал.

Бекбаева «Клоопко» билдиргендей, ал кызынын концертине гүл сатып алуу үчүн унаасын дүкөндөрдүн биринин жанына токтоткон. Гүл алганы кирип жаткан кезде инспектор келип, унааны алууну талап кылган. Инспекторго унааны айып короого алып кетүүнү сунуштаса, «колунан кайрып эч какка кетпейсиз» деп туруп алганын айтууда.

«Мен 1 мүнөткө унаамды токтотуп, кызымдын концертине гүл алганы киргем. Башка унаалар ошол жерде жолдун ортосунда турган. Ошолорду карабай мени келип карап жатышат да, мен унаамды жадагалса өчүргөн эмесмин. Ошол жерден аялдарды чакырып мага ажылдап сүйлөтүп жатты. Анан “мен шашылып жатамын, кете берейин башка күнү сүйлөшөлү” деп айтсам, такыр макул болбой койду. Анда мен кете берейин, унаамды айып короого алып кетүүнү сунуштасам, “эч жакка кетпейсиз” деп колумдан кайрып туруп алды. Алдыга айдап кетейин десем турат, артка айдап кетип калайын десем унаанын үстүнө келип, жатып алды. Кийин кайра кечирим сурашты», — деди Бекбаева.

Бекбаева кошумчалагандай ал да милицияга арыз менен кайрылайын деген, бирок инспектор андан кечирим сураганынан улам жазгандан баш тарткан.

Аталган журналист 12-апрелде өтүүчү шаардык кеңешке шайлоого «Эмгек» партиясынын тизмесинде талапкер катары катталган. Кийинчерээк ал фейсбуктагы баракчасында аны каралоо максатында каралоо кампаниясы башталганын жазган. Ошондой эле ал каралоо кампаниясында журналисттер курал болуп берип жатышаарын айткан. Мындар тышкары, шаардык кеңешке талапкер болгонун тастыктаган.