«Үйдөгүдөй шарт болбойт». ССМ мурдагы авиабазадагы карантин тууралуу

Американын мурдагы «Ганси» авиабазасына карантинге алынган кыргызстандыктар базада ным, антисанитария жана суук болуп, шарттын начардыгына арызданышты. Алар мындай шарттарда айыкпай эле ооруп калабыз деп кооптонушууда.

Бул авиабазадагы карантиндеги мекендештен келген видеонун бирөөсү гана. Бизге бештен ашык видео жөнөтүшкөн.

Карантинге жаткырылгандардын бирөөсүнүн апасы «Гансиде» 170 адам бар экенин кабарлады.

«Эгер алардын арасында оорулуу болсо эмне болмок, элестетип атасыңарбы?» — деп жазат ал. Карантинге алынгандар үчүн көп орундуу палаталарга байланыштуу бизге буга чейин да арызданышкан, тагыраагы Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын алгачкылары аныкталганга чейин эле. Ал убакта сөз авиабаза тууралуу эмес, башка өлкөдөн келгендер жөнөтүлгөн Беловодсктогу медициналык мекеме тууралуу болгон.

Башка мүмкүнчүлү жок

Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) «Клоопко» авиабазадагы карантиндин шарттары тууралуу суроолорубузга жооп берди.

«Бул мурдагы казармалар, ошондуктан булар алгачкы санитардык тазалоо, төшөнчөлөр, тамак-аштар. Мунун баарын биз камсыз кылабыз. Бирок ал жакта баары бир үйдөгүдөй шарт болбой тургандыгын түшүнсөңүздөр. Башка мүмкүнчүлүк жок. Бишкек боюнча Гансидегидей көп жатуучу жайлар жок. Ошондуктан, учуп келээри менен аэропорттон карантинге алууга мурдагы Ганси авиабазасына дайындоо чечими кабыл алынган», — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

Мекенине кайтып келген кыргызстандыктар карантинде 14 күн өткөрүшү керек — бул убакыттын ичинде аларды дарыгерлер улам-улам текшерип турушат. Кыргызстандыктардын бир бөлүгү үй карантинине чыгышкан, аларга да врачтар келип, абалдарын текшерип турушу керек.

Кыргызстанда ооруканага жана карантинге жаткырууга чектелүү гана орундар даяр. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 2290 орун бар. Дарылоочу мекемелерде обсервацияга деп 160 жакын орун бөлүнгөн, калган карантин орундары эл аралык аэропорттордо, көзөмөл өткөрмө пункттарында жана «Ак-Кеме» мейманканасында жайгашкан.

Авторлошу: Мундузбек Калыков