Баткен облусунун аймагына 22 блок-пост коюлду

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катсычы Чолпон Бердигулова Баткен облусунун аймагына 4 негизги санитардык-карантиндик пост жана 18-ички санитардык көзөмөл пункттары коюлганын кабарлады.

Негизги блок-пост Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында унаа жолунда, Баткен районунун Жаңы-Бак айылындагы унаа жолунда, Баткен шаарында Төрт-Күл суу сактагычына жакын унаа жолунда, Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы унаа жолго орнотулду.

Анда ички иштер органдарынын, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын, ӨКМдин, ветеринардык кызматтын, санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү нөөмөттө турууда.

Ал эми ички санитардык көзөмөл пункуттары Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда, Кадамжай шаарында, Лейлек районунда, Сүлүктү шаарында, Баткен районунда коюлду.

Аталган негизги санитардык карантиндик посттордон жана ички санитардык көзөмөл пункттарында жарандардын өтүүсүнө чектөө киргизилген. Ал эми азык түлүк ташыган унаалар дыкат текшерилип, залалсыздандырылып өткөрүлөт.

21-мартта Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылынын тургуну коронавирус жуктурганы аныкталган. Буга байланыштуу Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарында блок-посттор коюлуп, аймак дезинфекцияланган.

Кыргызстанда коронавирустун жалпы 16 учуру катталды — алардын сегизи Сузак районунда, бешөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында. Алардын 15и Сауд Арабиядагы умрадан келишкен, ал эми бир киши Франциядан.

Өлкөдө 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Буга байланыштуу коронавирустун алдын алуу максатында аймактарга санитардык-карантин посттору коюлуп, карантин режими кабыл алынган.

Коронавирустун жайылуусу тез болуп жаткандыктан улам Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал киргизилет. Өзгөчө абал тартиби 25-марттан тартып 15-апрелге чейин созулат.