Дүйнө жузү боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 25-мартка карата 425 493 адамды түздү. Оору Кытайдын Ухань шаарында жыл башында чыкты. Биздин өлкөгө коронавирус 18-мартта жетти. Бул аралыкта илдет 150дөн ашуун мамлекеттерде жайылып үлгүрдү.

25-мартка карата Кыргызстанда ооругандардын саны 44 адамды түзөт. Буга байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал тартиби жарыяланган, ал эми коронавирус катталган аймактарда 25-марттан баштап өзгөчө абал режими киргизилди. Бирок мындай чаралар башка өлкөлөрдө эбак эле кабыл алынып иштей баштады.

Биз чет жатка жашап иштеген кыргызстандыктар менен баарлаштык. Алар коронавирустун миңдеген учурлары катталган өлкөлөрдө жашашат. Мекендештерибиз оорунун пайда болушун кантип кабыл алышканы, жашоолору кандайча өзгөргөнү жана мындан ары кантип жашоо керектиги тууралуу ойлору менен бөлүшүштү.

Прага — «Бул кыйынчылыктардан бардык адамзат өтүп жатат»

Сүрөт: РБК басылмасы

Чехияда 1497 адам оору жуктурган. Анын үчөө каза таап, 10 киши айыкты. Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгенине эки жумадай болуп калды. Ага ылайык, чех бийлиги да вирустун жайылып кетпеши үчүн кескин чараларды киргизди. Бардык окуу, маданий, эс алуучу, көңүл ачуучу, тамактануучу жайлар, соода борборлор жабылды.

«Албетте башында ар кандай коркуу сезимдерди жараткан бул жаны эрежелерге да көнүп баратабыз. Анткени жарандар да түшүнүп жатышат, бардык эрежелерди карманбаса абал абдан начарлап кетиши мүмкүн […] Чехия вирустун жайылып кетпеши үчүн кескин чараларды киргизди. Италияга жакын болгонуна байланыштуу да, ал жерде болгон окуялар кайталанып калбашы үчүн вирусту профилактика жолун тандашты», — дейт Прагада жашаган мекендешибиз Динара Исраилова.

Исраилованын айтымында, жаш курагы 60тан өткөн адамдар өзгөчө коркунучта болуп саналгандыктан тамак-аш дүкөндөрүндө саат эртең мененки 8ден 10го чейин аларга гана соода кылууга болот.

«Үйдөн жумушту уланта берүү мүмкүн болсо үйдөн иштегендер көп, менин байкашымча бир топ офистер жабылды. Ал эми иштеш үчүн үйдөн чыгыш керек болсо сөзсүз маска тагынышат. Адамдар бири бири менен 2 метрден кем эмес аралыкты сакташат. Кызыгы бийлик өзгөчө кырдаалды киргизери менен, жарандар ал кырдаалда каралган бардык шарттарды эртеси күнү эле аткара башташты. Эмнеге, кандай? деген суроолорго токтолгонго убакыттын тар экенин билип, эртеси бардыгы маска тагып, кимде жок болсо тигип, шарф менен оронуп көчөгө чыгып калдык», — деди Исраилова.

Чехияда жаш балдар эми ата-энесинин коштоосунда гана сыртка чыга алышат. Аларга да маска тагуу милдеттүү. Беткап тагынбаган адамдарга чоң суммадагы айыппул салынат. Айрым ЖМКлардын бул эрежени бузган эки кишиге 430 доллардан штраф салынганын жазып чыгышканы буга дадил.

«Жалпысынан ооба, көпчүлүктүн маанайы жок, бирок жашоо уланууда. Жаңы шарттарга адаптация болууга аракеттенип жатабыз. Өзгөчө кырдаалды киргизүүнүн негизги максаты — вирустун жайылышын токтотуу. Канчалык эрежелер жакшы сакталса ошончо вирус жай жайылат. Ооруканалар даяр болот, чоң жүктөм болбойт. Убакыт утуш […] Менимче кабыл алыш керек. [Вирус] качып кутула турган нерсе эмес. Вирус өзү эмне, кесепеттери, ким бул кырдаалда дагы да зыян тартышы мүмкүн деп, ошого жардам берүүгө аракет көрүү керек. Негизгиси туура коммуникация болушу керек, адам жалгыз эмес экенин билиш керек. Кыйналса жардам сурагандан тартынбай. Бул кыйынчылыктардан бардык адамзат өтүп жатат», — деп түшүндүрдү ал.

Түркия — «65 жаштан улуу жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынды»

                                                                      Сүрөт: РИА басылмасы

Түркиянын окуу жайларында окуп жана ооруканада иштеп жаткан биздин дагы бир мекендешибиз өлкөдөгү кырдаал тууралуу айтып берди. Бүгүнкү күндө Түркияда 1872 коронавирус учуру катталган. Алардын ичинен 44 адам каза тапкан. Айыгып кеткендер жок.

«Азырынча өзгөчө абал киргизилген жок, бирок кырдаал жакшы болбосо киргизилиши мүмкүн. Элдерге көчөлөрдө чогулууга тыюу салынды, полиция жана ыктыярчылар адамдардын массалык чогулуштарын таркатып жатышат. 65 жаштан улуу жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынды, эреже бузгандарга айыппул салынышы мүмкүн. Жарандарга [коронавирустун коркунучу тууралуу] ар дайым эскертилип жатат, бирок элдер угушпайт, “бизге эч нерсе болбойт” деп эле жүрүшөт. [...] Биз ишке чыгып жатабыз, жуктуруп албайбыз деп үмүттөнөм. [Хирургия бөлүмү] азырынча коронавирус жуктургандар менен иштеше элекпиз, бирок жакын арада аларга биздин да жардамыбыз керек болуп калышы ыктымал», — деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, жергиликтүү врачтар ооруну жайылтоо үчүн үйүндө жакындарынан өздөрүн изоляция кылып жатышат. Түркияда коомдук жайлар жабылган, азык-түлүк дүкөндөрү 12:00дөн 20:00гө чейин гана иштейт. Бирок коомдук транспорт токтотулган эмес.

«Албетте кооптонобуз, вирус адамдарды тандабайт. Ооруну жуктуруп алууга толук мүмкүнчүлүк бар, буга кошумча биз ооруканадабыз — бул жакка ар убакытта коронавирус жуктуруп алган бейтап жаткырылышы мүмкүн. Биз анастезиологдор бейтаптар менен өтө кылдат иштешибиз керек. Аларды операцияга даярдаганыбызда бейтаптардын дем алуу органдары менен контакт жасайбыз, ал жак вирустун негизги тарала турган жери. [...] Дарыгерлер коргоочу костюмдарда иштеп жатышат дейт, бирок бардык жерде жетишсиз болууда. Коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар менен иштеп жаткан врачтар толугу менен корголгон болсо керек. Бирок хирургия бөлүмүндө тилекке каршы жөнөкөй костюмдар менен иштейбиз», — деп айтты ал.

Австрия — «Бештен көп адам чогулууга мүмкүн эмес»

                                                                 Сүрөт: РИА басылмасы

Австрияда ооругандардын саны Чехия менен Түркияга салыштырмалуу көп — 5283, алардын 25и каза болуп 9у айыгып кеткен. Австриянын федералдык канцлери Себастьян Курц өлкөгө 16 мартта авариялык режим киргизген — жарандар үйлөрүнөн зарыл учурларда эле чыкса болот.

«Бир үйдө катталбаган бештен көп адам чогулууга мүмкүн эмес, 2-3 миң евро айыппул салынып калышы мүмкүн. Адамдар бири биринен бир метр аралыкта турушу керек — бул мыйзам [...] Чектөөлөр 22-мартта алынышы керек эле, бирок кырдаал начарлап кеткендигинен белгисиз мөөнөткө узартылды», — деп айтып берди мекендешибиз.

Австриянын көчөлөрүндө укук коргоо органдары да кайгуул кылып турушат. Карантиндин тартибин бузгандарга 2180 евро айыппул каралган.

АКШ — «Беткаптар жетишсиз»

Сүрөт: РБК басылмасы

АКШ коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Бүгүнкү күндө ооругандардын саны 55 148 адамды түзөт. Алардын ичинен 797 адам оорудан каза тапкан, ал эми 354ү оорудан сакайды. АКШнын бийлиги Улуу Британиядан сырткары Европанын жарандарын өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизген. Президент Дональд Трамп өлкө боюнча карантин киргизгенден алыс, бирок кээ бир чектөөлөр киргизилген.

«Чикакогодо азыр карантин, бул жакта кыргызстандыктар көп. Ооругандардын саны көбөйүп кеткендиктен биз сыртка чыга албай турабыз. Беткаптар жетишсиз, көп азык-түлүктөр жок. Апрелде кайтайын деп жатканбыз, бирок белгисиз мөөнөткө жылып кетти», — деп айтып берди жүк ташуу тармагында иштеп жаткан кыргызстандык.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция