Сүрөт: Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

30-мартта коронавирустан айыккан үч бейтаптын экөөсү Жалал-Абад облусттук клиникалык ооруканадан чыгарылды. Алар эки жумадай ооруканада дарыланышкан, ал эми кайталанып алынган анализдеринин жыйынтыгы таза чыккан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан үчүнчү бейтап ооруканадан бүгүн кеч же эртең чыгарылаарын билдиришти.

Коронавирус Кыргызстанда алгачкы жолу 18-мартта катталган. Өпкөнү сезгенткен оору Сузак районунун Сауд Арабиядан 12-мартта келген үч тургунунда аныкталган. Жыйынтыгында алар 1000ден ашуун адам менен байланыш түзгөнү белгилүү болгон. Алар менен карым-катнашта болгон жарандардын өздүгү аныкталып карантинге алынган.

30-мартка карата, өлкөдө коронавирус шарттаган өпкө илдетине чалдыккандардын саны 94 адамга жетти — үчөөнүн абалы оор. Алардын 49у Жалал-Абад облусунда, 33ү Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда, сегизөө (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган) Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда жана бирөө Нарын шаарында катталды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция