Коронавирус жуктургандар 1122 тургун менен байланыш түзгөн болушу мүмкүн — Нурболот Мирзахмедов

Алдын ала маалыматтар боюнча, коронавирусту жуктуруп алган Сузактын Благовещенск айылынын 3 тургуну 1122 адам менен байланышта болгон болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов басма сөз жыйынында билдирди.

«Ал эми ошол 3нүн ичинен контакта барган адамдар — мисалы үчүн кошунасы кирген, кошунасына кирген — ошолордун бардыгы биригип 1122 адам ошол айылда болуп жатат», — деди Мирзахмедов.

Ошондой эле Мирзахмедов коронавирус менен ооруп калган жарандарды Чүй облусунда жашаган беш тууганы аэропорттон тосуп, контакт түзүлгөнүн айтты.

«Беш адамды [тизмесин] биз республикалык штабга бердик. Ошол 3 адам [Сауд Арабиядан] келгенде аларды Чүй облусунун тургундары тосуп алган. Мындайча айтканда контакт болгон деп ойлоп жатабыз. Кимдер тосуп алгандарын алар өздөрү айтышкан. Эми Чүйдүн штабы иштеп, ошол адамдарды табып чара көрүшөт», — деди Мирзахмедов.

Ошондой эле Мирзахмедов коронавирусту жуктуруп алган жарандар менен кошо 135 адамдын ичинен 51и Жалал-Абад облусунун тургундары экенин кошумчалап, алар обсервацияда болгонун билдирди. Обсерваториялар лицей жана санаторийлердин базаларында ачылган.

Учурда Сузак районунун аймагындагы мамлекеттик мекеме жана ишканалар, коомдук жайлар дезинфекцияланууда.

Республикалык штабдын 18-мартта өткөн брифингинде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Сауд Арабиядан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын билдирген. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынып дарыланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция