Комендант ЖМКларга аккредитация берүүдөн баш тартты, юристтер муну мыйзамсыз дешти

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 30-мартта журналисттерге өзгөчө абал тартиби маалында шаар ичинде жүрүүнү кепилдеген акрредитация берилбесин билдирди.

Ал өз чечимин журналисттердин ден соолугунун коопсуздугуна кам көрүү максаты менен негиздеген. Буга чейин, 25-мартта Орозалиев «журналисттер чоң топ менен иштешпейт, аныктан коркунуч жаратышпайт» деп журналисттерге аккредитация берүүнү убада кылган.

«Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей. Алардын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана ыӊгайлуулугу үчүн күн сайын онлайн режимде Республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Бардык кызыктырган суроолорду WhatsApp номерине жиберсеӊиздер болот», — деп билдирди кайра Орозалиев бир жумадан кийин.

Басма сөз жыйындар күн сайын өтүп атканына карабастан, журналисттердин суроолорунун бардыгы эле узатылбай жатат, себеп дегенде мындай иш-чаралардын убактысы чектелүү.

«Медиа Полиси Институтунун» юристтери коменданттын иш-аракети Конституциянын ченемдерине туура келбесин билдиришти.

«Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзам боюнча, өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты журналисттердин аккредитациясын жана иш тартибин орнотууга укуктуу. Бирок бул туюнтманы, юристтер билдиришкендей, коменданттын жеке өз укугу жана журналисттерди аккредитациялоонун тартибин киргизүүгө милдети катары гана кароого болбойт. Ал эми мыйзам аккредитация берүүдөн баш тартууну көрсөтпөйт.