Бишкекте өткөрмө барактарын саткан делген милиционер кармалды

Бишкекте «пара алып жаткан жеринен» кармалган милициянын кызматкери ТИЗОго киргизилди. Бул тууралуу 2-апрелде УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул иш «Пара талап кылуу» беренеси боюнча катталып, учурда тергөө жүрүп жатат.

«Ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блок-постордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылганы аныкталды», — деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Пресс-релизде паранын суммасы көрсөтүлбөгөнү менен Kaktus Media басылмасы өз булагына таянып кеп 200 АКШ доллары тууралуу болуп атканын билдирген.

Бишкектин комендатурасындагы коррупция факттары тууралуу бир эле жарандар жана укук коргоочулар эмес, парламентарийлер да билдиришүүдө. Депутат Дастан Бекешев твиттеринде эл өкүлдөрү өкмөт башчыдан комендатурадагы коррупция тууралуу сураганга аракет кылышкан, бирок өкмөт башчы аны «ушак кептер» деп койгон.

«Дээрлик ар бир депутат комендатурадагы коррупция тууралуу айткан, бирок премьер-министр ага ушак кептер гана жетип жатат деп жооп берип турган», — деп айткан ал.