Чүй облусу: Бир күндө эки мектеп окуучусу асынып каза тапты

Ысык-Ата райадминистрациясынын кызматкерлери балдардын өлүмүн «Турмуш» басылмасына ырасташкан. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, окуучулар өздөрүн 29-мартта асышкан, бирок алардын өз жанын кыюуга эмне түрткү болгону белгисиз.

«Бул мектеп учурунда эмес, үйүндө болгон окуя. Азыр тергөө иши жүрүп жатат. Экөө теӊ толук кандуу үй-бүлөнүн балдары. Окуучулардын мүнөздөмөлөрү да жакшы экен. 29-март күнү бири күндүз, дагы бири түнү асынып алган», - деп айтылат маалыматта», — деп билдиришкен райадминистрациядан.

24.kgнин маалыматы боюнча, казап тапкандардын бирөөсү 16, ал эми экинчиси 13 жашта болгон.

«Окуучулардын бирөөсү Тельман, ал эми экинчиси Рот-Фронт айылында жашачу [...] Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкан балдардын бирөөсү короодо ага-инилери менен ойноп жүрүп, бир маалда жоголуп кеткен. Кийинчерээк алар аны жансыз табышкан», — деп билдиришкен укук коргоо органдары басылмага.

Бул окуяга чейин Ысык-Көл облусунда да беш мектеп окуучусу өз жанын кыйышкан. Бул окуялар Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда жана Балыкчы шаарында болгон. Өкмөттүн облустагы ыйгарым өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнованын айтымында, балдардын өз жанын кыюуга ата-энелери менен урушкандыгы себеп болушу мүмкүн.