Караколдогу зоопарктын жаныбарлары ачка калышы мүмкүн

«Бугу-Эне» коомдук фонду билдиргендей, Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгенден улам Караколдогу зоопарк кирешесиз калды. Ага адамдар келбей калгандыктан, жаныбарларды багуу кыйыныраак болуп калды. Зоопаркта жалпысынан 150дөн ашуун жаныбар бар.

«Биз Мамэкотехинспекция жана башка түзүмдөр менен тыгыз кызматташканыбыздан, ошондой эле кайдыгер эмес жарандардын аркасы менен жаныбарлардын көбү куткарылган болчу», — деп айтып берди фонддун башчысы Салтанат Сеитова.

Сеитова жаныбарлардын көбү экстремалдык кырдаалдардан куткарылгандыгын, бирок жапайы табиятта жашап кете алышпай тургандыгын кошумчалады. Анын үстүнө, куткарылган жаныбарлардын кээ бири Кызыл китепке киргизилген.

«Запастарыбыз түгөнүп баратат. Биз кайдыгер эмес жарандарды, ата мекендик бизнести жаныбарларыбызды багууга жана сактап калууга колдон келишинче жардам берүүгө чакырабыз. Кичинекей жардам болсо да аларды сактап калууда чоң роль ойнойт», — деп билдирди Сеитова.

Бул реабилитациялык борбордо көзү көрбөй калган Жаабарс ак илбирс да бар. Ал Талас облусунан алынып келинген. Белгисиз адамдар илбирстин башына чачма ок менен атып, жыйынтыгында ал сокур болуп калган.

«Бугу-Эне» фонду бир нече жылдан бери жапайы жаныбарларды коргоо жана куткаруунун үстүндө иштейт.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими 22-мартта киргизилген. Бийлик мындай тартипти коронавирус жуктуруу учурларына байланыштуу киргизген. Кээ бир шаарлар менен райондордо өзгөчө абал режими киргизилген. Мындай тартип учурунда зарыл болгондо гана көчөгө чыгууга уруксат берилген.

6-апрелге карата, Кыргызстанда 216 адамда коронавирус аныкталган. Алардын төртөө оорудан улам көз жумган. Жуктуруунун алгачкы учурлары 18-мартта катталган.