Коронавирустан улам жазгы мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу токтотулду

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Сооронбай Жээнбеков 6-апрелде жазгы мөөнөттүү жана альтернативдик кызматтарга чакырууну токтото туруу тууралуу жарлыкка кол койду.

«Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө инфекциялык ооруулардын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынган», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Бийлик Кыргызстанда өзгөчө абал режимин 25-марттан 15-апрелге чейин киргизген. Бул убакыт аралыгында, өлкөнүн айрым облустарында жана Бишкекте жарандар үчүн чектөөлөр киргизилген, ошондой эле коменданттык саат иштейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун алгачкы учурлары 18-мартта аныкталган. Учурда ооругандардын саны 216 адамга жетти. Инфекция жугузган төрт адам каза таап, 10 адам айыккан.