Ошто судья коменданттык сааттын тартибин бузуп милиционерге кол көтөрдү

Ош ШИИБнин кызматкерлери. Сүрөт: Ош ШИИБнин басма сөз кызматы

Материал саат 16:30да жаңыртылды.

Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданттын маалымат борборунун кызматкери Замир Сыдыков «Клоопко» жабырлануучу судьяга доосу жок экендигин билдирип тосмо арыз жазганын кабарлаган.

«Тараптар келишип алышты, кечээ кечинде [милиция кызматкери] тосмо арыз жазды. Иш кыскартылып калышы мүмкүн», — деди Сыдыков.

Көп өтпөй коменданттын маалымат борборунун башка кызматкери Жеңиш Аширбаев милиционерден тосмо арыз келип түшкөнүн четке какты. Анын айтымында, иш 7-апрелде өндүрүшкө алынып тергөө амалдары эми гана башталды.

«Ушул убактарда тосмо арыз боюнча расмий кагаз жок. Милиционер тосмо арыз жазам деп айтып жүргөн эле дешти. Иш кече катталса дароо эле тосмо арыз алганга болбойт да. Процесстин жүрүшүндө алар бири-бирин кечирүүгө укуктары бар, ал үчүн атайын материал топтолуп ага жетиш керек. Тосмо арыз-жазып жазбаганы 48 сатта билинет», — деп түшүндүрдү Аширбаев.

Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов 8-апрелдеги брифингде судья мыйзам чегинде жооп берерин айткан.

Ош облусттук соттун басма сөз кызматынан окуя коменданттык саатка 5 мүнөт калганда болгонун айтып, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева бул жөнүндө кабардар экенин билдиришти.

«Окуя болгондо коменданттык саатка дагы 5 мүнөт бар болчу. Укук коргоо органдары менен судьянын ортосунда түшүнбөстүк пайда болуптур. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат», — деди басма сөз кызматынан.

ЖМКлар Ош облусттук сотунун судьясы 6-апрелде коменданттык саат учурунда блок-посттогу милиционерге каршылык көрсөтүп кол көтөргөнүн жазып чыгышкан. Маалыматка ылайык, ал мас абалында болуп комменданттык сааттын эрежесин бузган.

Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданттын маалымат борборунан бул факт «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси менен катталганын билдиришкен.

«Клооптун» өздүк булактары милиционерге кол көтөргөн судья парламенттин вице-спикери Аида Касымалиеванын бир тууганы экенин билдиришти. 24.kg басылмасы судьянын аты-жөнүн «М.К» инициалы менен белгиледи. Ош облусттук сотунда иштеген Мыктыбек Касымалиев аттуу судья иштейт. Аны менен вице-спикердин фамилиясы туура келип жатат. Демек, коменданттык сааттын эрежесин Касымалиеванын иниси бузган болушу ыктымал.

Материал жарык көрөөр алдында Оштун комендатурасынан жана облусттук соттон аталган маалыматты тасыктоого же төгүндөөгө мүмкүн болгон жок.

Ош облусунда 8-апрелге карата түнү 10 адам коменданттык саатты бузуп, аларга карата 3 миң сомдон айыппул салынган. Ошондой эле алардын ичинде мас абалда унааны башкарган эки айдоочуга Бузуулар жөнүндө кодексинин «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу» беренеси менен протокол түзүлүп, 17,5 миң сом айыппул салынганы белгилүү болгон. 

Мас абалдагы биринчи судья эмес

Жылдын башында президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы мас абалында унаа башкарып жол кырсыгына кабылганы үчүн кызматынан бошоткон. Инспектор судьяга карата бир нече берене менен протокол түзүп, жалпысынан 24 миң сом айыппул салынган.

Сулайманова протоколдорго нааразы болуп, аны жокко чыгаруу үчүн өзү иштеп жаткан Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган. Буга нааразы болгон инспектор иш башка сотто каралышын талап кылып, ишти караган судьяга үч жолу ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Бирок судья алмашканы менен иш ошол эле шаардык сотто калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда эки жумада комменданттык сааттын эрежесин 2 миңден ашуун киши бузду