Мас абалында унаа башкарган судьянын арызы өзү иштеген сотто каралып жатат

Маалымат саат 16:20да жаңыртылды.

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованын инспектор түзгөн протоколду жокко чыгаруу тууралуу арызы өзү иштеген сотто каралып жатат. Буга чейин инспектор судьяга үч жолу ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Анын негизинде 22-январда судья алмаштырылды.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Авазбек Досов «Клоопко» маалымдагандай, азырынча кайсы судья ишти карай турганы белгисиз.

«Ишти карап жаткан судья Сариев биздин берген отводду канааттандырды. Бүгүнкү күндө иш кагаздары жана иштин материалдары шаардык соттун төрагасына кайтарылып берилди. Качан жана кайсы соттун курамы карай тургандыгы азырынча белгисиз. Бул тууралуу кошумча маалымадалат», — деди Досов.

Досовдун айтымында, жол тескөөчүнүн кыймыл-аракетинде эч кандай мыйзам бузуу же башка кемчилик болгон эмес. Ал инспектор Мамазакиров тарабынан судья Сулаймановага карата чыгарылган токтомдор күчүндө калтырылат жана мыйзам чегинде чара көрүлөт деген ишенимде.

Ал эми судья Элмира Сулаймановнын жактоочусу Тилек Батырбеков токтомдор мыйзамдарды одоно бузуу, кемсинтүү менен түзүлгөн деп эсептейт.

«Биз бул жагдайларды сотко далил бердик. Анан судья кандай чечим кабыл алат биз айта албайбыз», — деди жактоочу.

Сулайманова өткөн жылдын аягында мас абалында унааны башкарып жол кырсыгына кабылган. Ага карата инспектор Асылбек Мамазакиров «Транспорт каражаттарын документи жок айдоо», «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу» жана «Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» беренелери боюнча протокол түзгөн. Ага жалпысынан 24 миң сом айыппул салынган.

Мамазакиров түзгөн протоколду жокко чыгаруу арызы менен судья өзү иштеген Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган. Буга нааразы болгон инспектор иш башка сотто каралышын талап кылып келет. Бирок азырынча бул өтүнүч канааттандырыла элек.

Ал эми 20-январда өткөн биринчи соттук отурумга журналисттердин кирүүсүнө тоскоолдук жаратылган. Kaktus.media басылмасынын өздүк булагынын айтымында, сот мындай ыкма менен бул окуяны коомчулуктан жашырып, судьяга протокол түзгөн инспекторго басым жасоого аракет кылып жатат.