Кыргызстанда эки жумада комменданттык сааттын эрежесин 2 миңден ашуун киши бузду

Ош ШИИБнин кызматкерлери. Сүрөт: Ош ШИИБнин фейсбук баракчасынан алынды

25-марттан тартып 8-апрелге чейинки аралыкта коменданттык сааттын талаптарын өлкө боюнча 2101 жаран бузган. Алардын баары милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин үйлөрүнө коё берилген.

Ал эми 8-апрелге караган түнү өлкөдө коменданттык сааттын эрежесине 92 адам баш ийген эмес. Бишкек шаарында — 58, Жалал-Абад шаарында — 12, Сузакта — 15, Ошто — 5, Кара-Сууда — 2 жаран тартипти бузган. Ноокат районунда болсо комменданттык сааттын талабын бузган учур катталган эмес.

Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү айрым аймактарга 25-марттан тарта 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Алардын ичинде — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондору бар. Аталган аймактарга кечки саат 20:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Коменданттык саат учурунда жарандардын көчөдө жүрүүсүнө жана унаалардын кыймылына тыюу салынат.

Ошондой эле өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 3-апрелде Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине жана Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду. Аталган кодексттердеги бир нече беренелердин категориялары өзгөртүлүп, каралган айыппулдардын суммасы көбөйтүлгөн. Ошондой эле өзгөчө абалдын тартибин бузгандарга эркиндикти чектөө жазасы кошулган.

Коменданттык саат тартибин сактабаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул салынышы мүмкүн.